Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Тунистеги кагылыштан 1 адам каза тапты


Тунистеги полиция менен исламчыл топтун мүчөлөрүнүн кагылышынан 1 адам каза болду.

Тунистин мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарлашынча, жекшембиде каза болгон адам сунни мусулмандарынын салафий багытындагы "Ансар-ал-Шарият" тобунун мүчөсү болгон. Кагылышта 11 полиция кызматкери жана 3 демонстрант жараат алган. Кагылыш бийликтер "Ансар-ал-Шарият" тобунун Кайруан шаарында жыйынын өткөрүүгө уруксат бербей койгондон кийин башталган. Анда исламчылар топ-топ болуп жыйналып, полицияны ташбараңга алды. Полиция болсо аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду.

2011-жылдын январында Зин ал- Абидин Бен Алинин режими кулатылган соң өлкөдөгү исламчыл топтор активдешип, айрым радикалдуу кадамдарга барышууда. Былтыр сентябрь айында Тунисте АКШнын элчилигине кол салынган болчу.

XS
SM
MD
LG