Ирактагы унааларды жардыруулардан кеминде 63 адам каза болду. Дүйшөмбү күнү Ирактын борбор калаасы Багдаддын шииттер жашаган аймактарында бир нече жардыруулар болду. Багдадда 39 адам каза тапты, 120 адам жарадар болду. Түштүктөгү шииттер көп жашаган Басра шаарында да унаалар жарылып, 13 адам набыт болду. Азырынча эч кайсы топ жардыруулар үчүн жоопкерчиликти ала элек. Иракта сунниттер менен шииттердин тиреши күчөдү. (AiK)