Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

АКШ: Оклахомадагы бороондон 50дөн ашык адам каза болду


АКШнын Оклахома штатында башталган албуут бороон-чапкын бир катар кыйроолорго алып келди. Ылдамдыгы саатына 350 километр болгон бороондон кеминде 50 адам каза болуп, ондогон адамдар дайынсыз жок. Бороондун айынан бир нече имараттар кыйрап, унаалар кырсыкка учурады. Ушу тапта башталгыч класстагы окуучулардын тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Өткөн апта соңунда Канзас, Айова, Оклахома штаттарында катуу бороондор катталды. Андан жүздөгөн үйлөр талкаланып, эки адам ажал тапкан эле.

XS
SM
MD
LG