Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

“Жашылдар” партиясы АКШ базасына каршы митинг өткөрөт


“Жашылдар” партиясы 24-майда оболу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин, андан кийин Ак үйдүн алдында митинг өткөрөт. Партия төрагасы Эркин Бөлөкбаев анда учактын кыйрашына байланыштуу зыянды төлөө, базаны тез арада чыгаруу жана Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында гана саясат жүргүзүү талабы коюларын “Азаттыкка” билдирди.

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Чолок-Арык айылынын тургундары АКШдан жана кыргыз өкмөтүнөн кыйраган учакка байланыштуу экологиялык зыянды калыбына келтирүүнү талап кылып жатат.

“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг 707” үлгүсүндөгү учак 3-майда Чалдыбар айылына жакын жерге кулап түшкөн. Учактагы үч учкучтун күйгөн денелери табылган. Кыргыз өкмөтү бул окуя боюнча атайын комиссия түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG