Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

АКШнын транзиттик борборун чыгаруу тууралуу мыйзам долбоор даярдалды


Кыргыз өкмөтү "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу базасы тууралуу АКШ өкмөтү менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоор даярдады.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин токтомуна ылайык, документ эми Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Парламентте бул долбоорду талкуулап жатканда тышкы иштер министри өкмөттүн расмий өкүлү болуп дайындалат.

Буга чейин ТИМ транзиттик борборду чыгаруу жолдорун түшүндүргөн. Ага ылайык, кыргыз парламенти кийинки жылдын январь айына чейин “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борборун жайгаштыруу боюнча келишимди бузуу тууралуу мыйзамды кабыл алышы керек. Президент ага кол койгондон кийин АКШ тарапка борбор боюнча келишим узартылбай тургандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн колдонулуп келаткан транзиттик борбор боюнча келишимдин мөөнөтү узартылбай турганын билдирип келет. Бирок АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыктагы” маегинде, “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору тууралуу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр болорун маалымдаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG