Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Президент министрлерди кызматка бекитти


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Осмонбек Артыкбаев Энергетика жана өнөр-жай, Кудайберген Базарбаев Социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Экөөнүн талапкерлиги Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар тарабынан жактырылган.

Артыкбаевди министрликке өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган. Ал бул кызматка ушуну менен экинчи ирээт келип жатат. Биринчи жолу 2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин техникалык өкмөттө энергетика министри болуп эмгектенген.

Ал эми Базарбаевди талапкерлигин “Ата Мекен” фракциясы көрсөткөн. Ал буга чейин маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеп келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG