Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Грузияда экс-министрлердин соту башталды


Грузиянын Кутаиси шаарында мурдагы премьер-министр Иване Мерабишвилинин жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Зураб Чиаберашвилинин иши боюнча соттук угуулар башталды. Сот аларды күрөөгө бошотуп-бошотпоо маселесин карамакчы. Саясатчылардын колдоочулары жана оппоненттери сот имаратынын алдына чогулушту.

Президент Михаил Саакашвилинин партиясынын баш катчысы Мерабишвили жана Кахетиянын учурдагы губернатору Чиаберашвили шейшембиде коррупция жана коз бойомочулук үчүн кармалган. Алар күнөөсүз экенин айтышууда.

Саакашвили санаалаштарынын камалышын “саясий өч алуу” деп сыпаттады. Премьер-министр Бидзина Иванишвили экс-аткаминерлерди камакка алуунун артында саясий жүйө турат деген дооматтарды четке какты.

XS
SM
MD
LG