Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Жерүй боюнча конкурстун шарттары кайрадан талкууланат


Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы Ишимбай Чунуев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кенди иштетүүгө конкурс жарыялоо боюнча комиссия өкмөт менен биргеликте ушул жуманын аягында жыйын өткөрөт. Анда Жерүй кенин иштетүүнүн мындан аркы тагдыры талкууланат.

Чунуев билдиргендей, комиссия учурда кырдаалдан чыгуунун үч жолун сунуштап жатат: конкурстун шартын өзгөртүп, кайрадан сынак жарыялоо, мамлекеттин кенди өзү иштетүүсү, үчүнчүсү-чет өлкөлүк инвесторлор менен мамлекеттин биргелешкен ишкана түзүүсү.

Жерүй кенин иштетүү үчүн сынак 13-майда аяктаган. Ага “Континент финанс” аттуу англиялык компания гана катышуу үчүн документтерин жиберген. Мындан улам конкурсту өткөрүү боюнча комиссия сынакты "жараксыз" деп тапкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG