Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

Amnesty International уюму адам укугу боюнча баяндамасын жарыялады


Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) бейшембиде дүйнөнүн 159 өлкөсүндөгү 2012-жылга карата адам укуктары боюнча глобалдык баяндамасын жарыялады. Баяндамада дүйнөдө көп сандаган кыйноолор, абактардагы начар абал, укук коргоочуларга карата куугунтук жана сөз эркиндигине болгон басым фактыларына көңүл бурулган.

Уюмдун жыйынтыгында Ирандагы адам укугун бузуу фактылары көбөйгөнү, Ооганстандагы аялдардын абалы начарлап баратканы, Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандагы сөз эркиндигине басым күчөгөнү жөнүндө айтылат. Уюм укук коргоочулардын бул жааттагы абалды оңдоо үчүн жан үрөгөн эр жүрөктүүлүгүнө өзгөчө маани берди.

XS
SM
MD
LG