Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Ала-Букада араздашкандарды элдештирүү иш-чарасы өттү


Элдештирүү иш-чарасы мушташ чыккан жерде – Сафед-Булан айылында болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Бийчиев билдирди. Иш-чарага чатакташкан мектеп окуучуларынын ата-энелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

16-май күнү Сафед-Булан айылындагы сыйынуу жайында Сары-Талаа айылынан эс алганы барган мектеп окуучулары менен жергиликтүү окуучулар чатакташып, ага мазардагы үңкүргө кирүү үчүн кезек талаш себеп болгон. Мушташтын чыгышына күнөөлөнүп жаткан Сафед-Булан айылындагы эки окуучу азыр камакта. Бири 8-класста, бири 11-класста окуйт. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ала-Букада учурда коомдук-саясий абал туруктуу. ЕККУнун чатактарды азайтууга багытталган долбоорунун алкагында 24 ыктыярдуу ынтымак жарчылары иштеп жатат. Долбоор мамлекеттик органдар менен бирге ишке ашырылат. (SE)

XS
SM
MD
LG