Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:31

Премьер-министр салык кызматынын башчысы Масалиевге сөгүш берди

Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Мындай чечим өкмөттүн  2012-жылы жасалган иштер боюнча 15-майда өткөн жыйынында кабыл алынган.
Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев сентябрь-октябрь айларында салыктардын арбын чогултканы менен, өкмөт алдына койгон планды аткара алган эмес. Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиевди кызматка өзүнүн сунушу боюнча келгендигин премьер-министр мурдараак “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирген. Сатыбалдиевдин айтымында ушундай эле сөгүш Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго да берилген.   Ушу тапта кыргыз өкмөтү 2012-жылда аткарылган иштери боюнча  парламентте отчет берип жатат. (ZB/BuS)
XS
SM
MD
LG