Кумтөр кенин иштетип жаткан компаниянын деректирлер кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрүн теңме-тең санда кылуу тууралуу дээрлик орток пикир табылды.
Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн парламентте билдирди. Өкмөт башчы Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы тууралуу жакында маалымат берилерин, бирок сүйлөшүү узакка созулушу ыктымал экенин айтты. Кыргызстан компанияга салыктын көлөмүн көбөйтүү талабын коюп жатканын, алар жакында өздөрүнүн сунуштарын берерин маалымдады.
Учурда “Кумтөр оперейтинг компанинин” деректирлер кеңешинде Кыргызстандын эки өкүлү бар. (EBM)