80 жаштагы жапон дүйнөдөгү эң бийик тоо Эвересттин чокусуна чыккан биринчи карыя болду. Юичиро Миура 8848 метр бийик чокуну бейшемби күнү багындырды. Аксакалды уулу жана непалдык алты жол көрсөткүч – шерп коштоп жүрөт.
Төрт жолу жүрөгүнөн операция болгон Юичиро Миура уюлдук телефон аркылуу үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, өзүн “курандай” сезгенин айтты. Ал 1970-жылы Эвересттен лыжа тээп түшүп, атагы чыккан. Ошондой эле дүйнөнүн эң бийик чокусуна 70 жана 75 жашында көтөрүлүп, бу куракта Эверестти багындырган жападан жалгыз адам болгон.
Бирок жапон чалдын рекорду узак кармалбайт сыягы. Буга чейинки рекордсмен, 81 жаштагы непалдык шерп Мин Бахадур Шерчан чукул арада кайра Эверестти багындырганга камданууда.