Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Ю. Шыгаев Орусия көркөм сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү


Кыргызстандык кылкалем Юристанбек Шыгаев Орусия көркөм сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү болуп шайланды. Мындай наам ыйгаруу жөнүндөгү чечим академиянын президиуму тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз эл сүрөтчүсүнө мүчөлүк күбөлүк жана медаль 21-майда тапшырылганын Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи маалымдады. Юристанбек Шыгаев Орусия көркөм сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү болуп шайланган биринчи кыргызстандык художник.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Ю. Шыгаевдин эмгектери дүйнөнүн көптөгөн музейлеринде, анын ичинде Москвадагы атактуу Третьяков галереясында бар.

XS
SM
MD
LG