Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Британияда аскердин өлүмү үчүн дагы эки шектүү кармалды


Полициядан бейшембиде маалымдашкандай, 29 жаштагы бир эркек жана аял мурда кармалган эки адам менен бирге атайлап киши өлтүрүүнү уюштурган деп шектелүүдө. Шаршембиде Лондондогу аскерий барактын жанында эки адам 25 жаштагы Ли Ригби аттуу аскерди бычактап өлтүргөн.

Полиция кылмышка шектүүлөрдү кармоодо аларга ок тийип, жарадар болушкан. Маалымат каражаттары бул адамдар Британиянын жарандыгын алган нигериялыктар экенин жазып чыгышууда.

Бул окуяны өлкө премьер-министри Дэвид Кэмерон үрөй учурган кылмыш деп атап, муну террорчулук катары баалоого болоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG