Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Иран: Рафсанжани өлкө жетекчилигин сындады


Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжани өлкөнүн руханий жетекчилигин сындап чыкты. Рафсанжанинин бийликке дооматы Ирандагы оппозициялык сайттарда жарыяланды. Анда ал Ирандын жетекчилигинин билимсиз, сабатсыз деп айыптап, өлкөдөгү абал мындан ары начарлай турганын билдирди.

Шейшембиде Ирандын ыңкылабынын сакчылар кеңеши Рафсанжанини кийинки айда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары каттабай койгон. 78 жаштагы Рафсанжанини байистүү саясатчы катары реформачыл топтор колдоого алган. Ал эми Сакчылар кеңеши тандап, шайлоого катышууга уруксат берген 8 талапкер тең Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге ыктаган ашынган консерваторлор экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG