Шаардык кеңештин депутаттык корпусу үчүн 7 партиянын тизмеси бюллетендерге киргизилди. Алар: “Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Өнүгүү", "Республика", "Замандаш", "Ата Мекен" жана СДПК партиялары.
Бул партиялардан шаардык кеңештин 31 депутаттыгы үчүн 364 талапкер көрсөтүлгөн. Майлуу-Суу шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Элмира Эгембердиеванын айтымында, шаардагы сегиз шайлоо бекетинин үч башчысы ден соолугуна жана башка жакка кеткендигине байланыштуу алмаштырылды.
Облустагы Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаардык шайлоо кеңештерине шайлоо 26-майда өтөт. Бул шаарларда эки жолу мэрлер шайланбай калгандыктан депутаттарды шайлоо ушул күнгө дайындалган. (YA)