Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын деректири Аргынбек Малабаевди кабыл алды. Анда Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жолун куруу долбоору талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Атамбаев 15-майда “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын башчысы Аскар Маминди кабыл алган. Анда Кыргызстандан Кытайга альтернативдүү темир жолун куруу тууралуу сөз болгон. Президент транспорт жана коммуникация министрине жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысына казак өнөктөштөр менен бул долбоорду ишке ашыруунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону тапшырган эле. (EBM)