Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Сириядагы согушта Тажикстандын үч жараны мерт болгон


Алар исламчыл козголоңчулар тарабында салгылашып жатып каза табышканын тажик бийликтери кабарлады.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз катчысы Эмом Меликовдун айтымында, расмий Душанбе акыркы жылдары чет өлкөдөгү диний мектептерде окуган тажик жаштарынын 2000дейин мекенине кайтарууга үлгүргөн.

Сириядагы согушка катышуу үчүн Кыргызстандан да кеминде алты-жети жаш жигит кеткени буга чейин расмий айтылган.

Улуттук коопсуздук комитети бул аптада алардын экөөсү: Кызыл –Кыя шаарынын 29 жана 35 жаштагы жашоочусу артка кайтарылганын маалымдады. (UE)

XS
SM
MD
LG