Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Ооганстанда талиптер эл аралык уюмдун имаратына чабуул коюшту


Ооган полициясы окуя болгон жерди текшерип жатат, 25-май, 2013
Ооган полициясы окуя болгон жерди текшерип жатат, 25-май, 2013
Кечээги чабуулдун артынан Кабулдун көчөлөрүндө полиция менен бир нече саатка созулган атышуулар болду. Имараттын эки сакчысы көз жумду. Миграция боюнча Эл аралык уюмдун төрт кызматкери жана 13 полисмен жаракат алганы айтылууда.

Чабуул койгон алты талиптин баары өлтүрүлгөнү кабарланууда. "Талибан" бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ооган жериндеги эл аралык аскер күчтөрү чабуулду айыптап, ооган күчтөрүнүн ишин мактоого алды. Алар жабыркагандарга медициналык гана жардам беришкенин айтышты.

XS
SM
MD
LG