Орусия президентинин маалымат кызматы кабарлагандай Путин Бишкекте ЖККУнун бейформал саммитине катышат, ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен жолугушат.
Маалыматка ылайык, КР президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу жабык болот. Орус мамлекет башчысы Бишкектен ары Астанага Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетери айтылууда.
29-майда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин чакыруусунда Астанага иш сапар менен барары кабарланган.
ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Бишкекке Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон да келет.(ZKo)