Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

"Ата-Журт" Майлуу-Суу шаар кеңешине эң көп добуш алды


Майлуу-Суу шаарында шаар кеңешке шайлоо жыйынтыкталды. Кабарчыбыздын айтымында, добуш берүү кечээ өттү. Ага катталган шайлоочулардын 41,4 пайызы катышты.

31 депутаттык орун үчүн ат салышкан жети партиянын ичинен "Ата-Журт" партиясы жалпы добуштун 35,64 пайызына, "Өнүгүү" партиясы 16,09%, КСДП 13,27%, "Замандаш" 12,28% жана "Ата Мекен" 9,09 пайызына ээ болду.

Ал эми 6,20% алган "Бүтүн Кыргызстан" жана 4,52% алган "Республика" шайлоодон өткөн жок.

Шайлоо тынч өткөнүн "Азаттыкка" шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Элмира Эгембердиева бүгүн билдирди.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG