Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Бишкекте казак, кыргыз, орус, тажик президенттери бейформал жолугушат


28-майга белгиленген ЖККУ саммитинин алкагындагы бул жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан президенттери катышат. Мындай маалыматты ЖККУ өз сайты аркылуу таратты. Маалымат боюнча, президенттер Нурсултан Назарбаев, Алмазбек Атамбаев, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон 2014-жылы Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин аймакта коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулашат. Жыйынга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа жана Бириккен штабдын башчысы Александр Студеникин да катышат.

Бүгүн Бишкекте ЖККУ саммитинин алкагында Тышкы иштер, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйындары өтүп жатат.

ЖККУ 1992-жылы түзүлгөн. Бул аскерий-саясый бирикмеге алты өлкө мүчө - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан да мүчө болчу, бирок кийин чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG