Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Табалдиев: Ооганстанда тынчтык үчүн аскерий операция жетишсиз


Ооган жергесинен 2014-жылы эл аралык аскерий күчтөр чыгарылгандан кийин бул өлкөдө тынчтык орнойт деп ишенимдүү айтуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев бүгүн Бишкекте билдирди. Ал Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынынын жайынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ооганстанда тынчтык орношу үчүн аскерий операция менен катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин баса белгиледи.

Эртең, 28-майда Бишкекте ЖККУнун саммити өтөт. Аны утурлай бүгүн Бишкекте аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо, тышкы иштер министрлеринин жана Коопсуздук кеңештеринин жыйындары өтүүдө.

ЖККУга алты өлкө мүчө - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG