Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Израилдиктер ракетадан коргонууга машыгууда


Израилде ракета чабуулунан коргонуу боюнча жалпы улуттук машыгуулар башталды. 29-майда аяктачу машыгууга Коргоо министрлиги, Улуттук өзгөчө кырдаал кызматы, жергиликтүү өкмөттөр, аскерлер жана куткаруучулар катышууда. Буга байланыштуу бешимде саат 12:30да жана кечки саат 7:05те 90 секундга өлкө боюнча сирена жаңырат. Бул учурда Израилдин сегиз миллион калкы жабык жайларга же жер астындагы автомобиль койчу жерлерге чогулуп, 10 мүнөт турушу абзел. Дүйшөмбү күнү аскерлер жарандарга чукул кырдаал абалы тууралуу уюлдук телефон аркылуу жиберилген кат аркылуу кабарлаган программаны текшерип көрөт. Буга окшош машыгуулар Израилде жети жылдан бери жай айында өткөрүлүп жүрөт.

XS
SM
MD
LG