Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Нави Пиллай: Сириялыктарды коргоо эл аралык милдет


БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешин Сириядагы адам укугун аёосуз бузууларды токтотууга үндөдү. Бирок кандай чара колдонуу керектигин айткан жок.

Пиллай айым кайрылууну БУУнун Адам укугу боюнча Кеңешинин Женевада ачылган үч жумалык жыйынында жасады. Ал "эл аралык коомчулук сириялык жарандарды коргоого жооптуу"- деп билдирди.

АКШ, Катар жана Түркия Сириядагы эки жылдан ашуун убактан бери жүрүп жаткан жарандык согуш кездеги адам укуктарын тепсөөлөрдү тез талкуулаганга чакырган эле. БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши 4-июнда Беларустагы адам укугу боюнча атайын докладчынын маалыматын угат деп боолголонууда.

XS
SM
MD
LG