Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


ЖККУ саммитине байланыштуу Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, Жол кайгуул кызматы жана милициянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери саммиттин катышуучулары өткөн унаа жолдорду көзөмөлдөөдө. Президенттик кортеждер өткөн маалда борбордук көчөлөрдүн эки тарабында тең ар бир 50 метр сайын экиден милиционер турат.

28-майда Бишкекте казак, кыргыз, орус жана тажик президенттери аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн жыйынга чогулат. Тажик президенти Эмомали Рахмон эки күндүк расмий сапарына байланыштуу Бишкекке бүгүн келди. (RK)

XS
SM
MD
LG