Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:33

Дүйнөгө белгилүү математик Жон Нэш Бишкекке келди

Дүйнөгө белгилүү математик Жон Нэш Кыргызстандын президентине караштуу Башкаруу академиясынын чакыруусу менен Бишкекке келди. Ал студенттерге, окутуучуларга жана эксперттерге "Идеалдуу акча: сактоо жана сарамжал кармоо" деген темада лекция окуду. Бүгүн окумуштууну мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алып, өлкөдөгү саясый абал тууралуу баарлашты.

Жон Нэш - оюн жана дифференциалдуу геометрия теориясы багытында иштеген америкалык математик. 1994-жылы ал Швециянын Мамлекеттик банкынын Альфред Нобелге арналган экономика илимдери боюнча сыйлыгынын лауреаты болгон. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG