Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Орусиянын Кыргызстанда жаңы аскер база ачуу ою жок


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Орусия коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, азыр Кыргызстандагы Орусиянын аскер базалары жетишерлик. “Андан көрө бизге Кыргызстанда күчтүү жана сабаттуу куралдуу күчтөр болгону кызык. Анткени 2014-жылы аймакта кырдаал кайсы жагына өзгөрүлөрү баарыбызды кабатыр кылат”, - деп белгилеген Антонов ЖККУ НАТО менен кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгы бар экенин билдирди. Анын айтуусунда, Орусия Кыргызстанга аскердик жактан жардам берип келген жана мындан ары да бермекчи.

ЖККУнун бейформал саммитинин алкагында бүгүн Бишкекте Орусиянын, Казакстандын жана Тажикстандын коопсуздук катчылары, Тышкы иштер жана Коргоо министрликтеринен өкүлдөр биргелешкен жыйын өткөрүп, он документке кол коюшту.(ZKo)

XS
SM
MD
LG