Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Сириялык козголоңчуларды куралдандырууга коюлган эмбарго алынат


Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү кесиптештери менен сүйлөшүүдөн кийин маалымдады. Бирок ал президент Башар Асаддын бийлигин кулатуу үчүн күрөшүп жаткандарды куралдандыруу тууралуу чечим кабыл алынбаганын белгиледи.

Сириялык козголоңчуларды куралдандырууга киргизилген тыюу май айынын аягында алынат. Дүйшөмбүдө Брюсселде өткөн жыйында Франция менен Британия эмбаргону толугу менен жоюуну жана сириялык козголоңчуларды куралдандыруу зарылдыгын талашса, Австрия баштаган башка өлкөлөр бул кадам кан төгүүлөрдүн дагы күчөшүнө алып келет деген чочулоолорун билдиришти.

Сириянын президенти Башар Асаддын бийлигине каршы күрөш башталгандан бери 80 миңден ашуун киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG