Бүгүн Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Чек арачылардын күнүнө карата салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 1882-жылы Кашкар протоколу кабыл алынып, кыргыз жеринин коңшу мамлекет менен чектеш жерине, тагыраак айтканда, кыргыз-кытай чек арасына алгачкы белги коюлган.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 1999-жылдын 28-майында мамлекет башчынын жарлыгы менен түзүлгөн.
Өлкө төрт мамлекет менен чектешет - Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан. (RK)