Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн келген орус президенти Владимир Путинди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Ак-Сай" резиденциясында коноктоду. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Путин "ушундай кооз жерди көрүп кетүүгө чакырганыңыздар үчүн ыраазымын" деп айтты.
Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгына байланыштуу маселелер жана ЖККУ саммитинде каралчу проблемалар талкууланды.
Бүгүн кечки саат төрттө Бишкекте ЖККУнун бейформал саммити өтөт. Ага Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери катышат.
"Ак-Сай" резиденциясы Бишкектин жогору жагындагы Ала-Арча капчыгайында жайгашкан. Путин Бишкекке бүгүн эртең менен учуп келди. (RK)