Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Нарында 5 бүтүрүүчү мектепти артыкчылык менен аяктоодо


Быйыл Нарында мектепти 5 гана окуучу "кызыл аттестат" менен бүтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн адиси Салия Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, быйыл Нарын облусунда 106 бүтүрүүчү "кызыл аттестатка" сунушталып, Билим берүү министрлигинин алдындагы Улуттук тестирлөө борборунун сынагынан бешөө гана өткөн. Учурда тесттен алган баасына макул болбогон эки бүтүрүүчү арыз жазып, тесттен кайра өтмөй болууда.

Былтыр Нарындан 18 бүтүрүүчү "кызыл аттестат" алган. Облус боюнча соңку окуу жылды 56 миң 26 окуучу аяктады. Алардын ичинен 4 миң 907си 9-классты, ал эми 3 миң 398и 11-классты бүтүрдү. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG