Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

АКШ Кытайды эки тараптуу аскерий алаканы тереңдетүүгө чакырды


Ак үйдүн Бээжинге барган Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилондун айтканына караганда, АКШ менен Кытайдын аскерий алакасынын тереңдөөсү өз ара ишенимдин жана түшүнүшүүнүн бекемделишине олуттуу салым кошот:

- Ар тараптуу мамиле орнотуунун, эки улуу держава ортосундагы алаканын жаңы моделин куруунун маанилүү бөлүгү - стабилдүү жана ишенимдүү аскерий алаканы камсыздоо.

Том Донилон Бээжинде Кытайдын аскерий лидерлеринин бири Фанг Чанглонг менен кездешти жана Вашингтон менен Бээжин тынчтыкты сактоо, каракчылыкка жана табигый кырсыктарга каршы күрөштө кызматташуусу зарылдыгын кошумчалады.

Донилон Бээжинге АКШ жана Кытай президенттери Барак Обама менен Си Цзинпиндин июнда Калифорнияда өтүүчү визитин даярдоо үчүн барган.

Адатта Кытайдын аскерий бюджетин утур-утур көбөйтүшү Вашингтондун суроолорун жаратса, Бээжин АКШнын аскерлерди Азия-Тынч океан чөлкөмүндө көбөйтүү планына шек саноо менен карап келет. (UE)

XS
SM
MD
LG