Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Бишкекте ЖККУнун бейформал жыйыны аяктады


Анда негизинен Борбор Азия аймагындагы коопсуздук системасын ишке киргизүүгө багытталган маселелер каралды. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжа жыйындан кийин журналисттерге билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы Ооганстандан антитеррордук альянстын күчтөрү чыгарылгандан кийинки кырдаал боюнча конкреттүү чаралар талкууланды. Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскердик кызматташтыгын күчөтүү жана Ооган өкмөтүнө өлкөдө кырдаалдын туруктуулугун сактап калууга көмөктөшүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

ЖККУ башкы катчысы чек араны бекемдөө, чек ара кызматын аскердик техникалар жабдуу, уюмдун алкагында терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүчү кызматтардын биргелешип иш алып баруусу жөнүндө да талкууланганын бекемдеди.

Коопсуздуктан тышкары кыргыз президентинин сунушу менен жыйында Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жолунун курулушу тууралуу маселе да талкууланганын, бул маселени иликтөө боюнча ар бир мамлекет башчы өз өлкөсүндөгү тийиштүү тармактарга тапшырма бермекчи болуп чечилгенин кошумчалады Николай Бордюжа.

ЖККУнун бейформал жыйынына уюмга мүчө мамлекеттер: Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. (ZB/ZKo)

XS
SM
MD
LG