Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Жогорку Кеңеште Батукаев маселесин иликтеген комиссиянын корутундусу жарыяланат


Бул тууралуу "Азаттыкка" депутаттык комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, парламенттин жалпы отурумунда жарыя кылынуучу токтом долбоорунда Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошонуп кетүүсүнө тиешеси бар делген жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан кетирүү талабы коюлган, ошондой эле Батукаевди бошотуу алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча ишке ашырылган деген негиз менен жетекчилерди коррупцияга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу сунуш кылынмакчы.

9-апрелде Нарын шаардык соту он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Кийинчерээк парламентте бул окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG