Кыргызстанда Куралдуу Күчтөрдү башкаруунун бирдиктүү борбору түзүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү Куралдуу Күчтөрдүн күнү менен куттуктоосунда айтты.
Мамлекет башчынын айтымында, жаңы түзүлө турган борбор өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана натыйжалуу чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Президент ошондой эле кыргыз аскери заманбап курал-жарак жана техника менен жабдылаарын, жакынкы жылдары мамлекет жоокерлердин социалдык абалын жакшыртууга, коомдогу кадыр-баркын жогорулатууга багыт алаарын кошумчалады.
Бүгүн эгемен Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 21 жыл толду. (RK)