Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Грузия: мурдагы премьерге дагы бир айып коюлду


Иване Мерабишвили ортодо.
Иване Мерабишвили ортодо.
Башкы прокуратуранын соңку жарыясына караганда, Иване Мерабишвили эми "бийлик укугунан ашыкча пайдаланган" деп да айыпталууда. Сөз бул жерде 2011-жылдын майында Тбилисидеги демонстрациянын күч менен таратылуусу жөнүндө жүрүп жатат.

Мурдагы премьер-министр, азыркы президент Михаил Саакашвилинин Бириккен Улуттук кыймыл партиясынын башкатчысы кызматын аркалаган Мерабишвили өткөн аптада кызмат абалынан кыянат пайдаланган, акча уурдаган, шайлоочуларды паралаган деген айып менен камалган.

Кечээ Грузиянын бир катар аймактарында Мерабишвилинин жактоочулары аны бошотуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышса, Бириккен Улуттук кыймыл партиясынын фракциясы парламент сессиясын бойкоттоду.

Былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодо бийликке азыркы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин өкмөтү келгенден бери, президент Саакашвилинин бир нече кызматташы ишиндеги укук бузууларга байланыштуу камакка алынган. Батыш өлкөлөрү Иванишвилинин өкмөтүн саясий жүйөсү бар соттордон оолак болууга чакырган. ( UE)

XS
SM
MD
LG