Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Непал Эверест чокусу багындырылганынын 60 жылдыгын майрамдоодо


Жаңы Зеландиялык Эдмунд Хиллари жана непалдык Тенцинг Норгей дүйнөнүн эң бийик чокусуна 1953 –жылдын 29-майында бут таштаган эле. Андан бери деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктиктеги чокуга 4000ден ашуун киши чыкса, дагы 300дөй киши ага жетпей, орто жолдон каза тапкан.

Төрт күн бою Непалда “Эверестин бриллиант тою” деп аталган салтанат өткөрүлдү. Өлкөнүн туристтик агенттиктер ассоциациясынын президенти Махендра Сингх Тапа:

-Биз азыр дүйнөдөгү ордубузга сыймыктанып турган кезибиз. Анткени тарыхынан, маданиятынан, табигый кооздугунан улам өлкөбүз зыяратчылыктын ордосу, келип, көрүп кетүүчү жер.

Эверести алгач багындырган Эдмунд Хиллари 2008-жылы 88 жаш курагында, Тенцинг Норгей 1986-жылы 71 жаш курагында каза тапкан. Ал эми чокуга эң биринчи жолу кычкылтек баллонун колдонбой туруп италиялык альпинист Райнхольд Месснер жеткен. Катмандудагы салтанатка ал дагы келди. (UE)

XS
SM
MD
LG