Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Ооганстанда 16 жайкын тургунду атып салган америкалык аскер күнөөсүн мойнуна алат


Роберт Бэйлс өлүм жазасынан качыш үчүн тергөөчүлөр менен ушундай макулдашууга бараарын анын адвокаттарынын бири айтты. Айыпталган аскердин иши 5-июнда аскерий сотто каралышы керек.

Бэйлстин кылмышы Ооганстандагы согуш маалында жасалган эң кандуу кыргындардын бири катары аталууда. Былтыр мартта ал Кандагар провинциясынын жанындагы кыштакта 16 кишини атып өлтүргөн деп айыпталууда. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү аялдар менен балдар эле. Бул окуя өлкөдө кескин нааразылык толкунун жаратып, АКШ убактылуу Ооганстандагы аскерий операцияларын токтотууга мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG