Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Ала-Бука коллежи жана аны түптөгөн айдың Салийма эжеке


Жыйындын айрым катышуучулары. Ала-Бука айылы. 07.6.2024.
Жыйындын айрым катышуучулары. Ала-Бука айылы. 07.6.2024.

Эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин Ала-Букадагы коллежинин 25 жылдыгынын мааракеси менен ширелип, аны негиздөөгө жана чыңдоого зор салым кошкон педагог, Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген мугалим Салийма Рысбаеванын 70 жылдык торколуу тою да чогуу белгиленди. Бул блог ошол окуяларга байланыштуу сунушталды.

Ала-Бука жергесиндеги данакер ЖОЖ

Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борбору болгон Ала-Бука кыштагы – чек ара жакасындагы стратегиялык орчун аймактардын бири.

Анын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзүү үчүн ага коңшу Кербен шаары сыяктуу эле шаардык макам берүү зарыл го деп ойлойм.

Ала-Букада бир гана ири жогорку окуу жайы бар. Ал – коллеж.

Учурда Ала-Букадагы бул кесиптик коллежди бапестен колдоп жана өз бөлүгү катары камкордук кылып өнүктүрүп келе жаткан жогорку окуу жайы – Ош шаарында жайгашкан Батыралы Сыдыков атындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек университети.

Жергиликтүү жаштардын бардыгы тең эле өз районунан алыскы аймактарга окууга кете алышпайт. Ала-букалык далай улан-кыздар жогорку окуу жайдын алгачкы баскычын – коллежди өз аймагында эле аяктоого мүмкүндүк алып жатышы – эгемендик доорундагы жаңы ачылган зор мүмкүнчүлүктөрдүн бири.

Дал ушул окуу жай быйыл 25 жылдык (чейрек кылымдык) мааракесин белгилөөдө. Ал эң оболу 1999-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бөлүмү (КМУнун филиалы) катары ачылган, бирок Ала-Бука коллежинин стратегиялык ордун жана келечегин КМУнун ректораты анчейин баалабастан, аны колдоону улантуудан баш тарткан чакта, Батыралы Сыдыков атындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек университети өз канатына калкалап алган.

Демек, туулгандыгына эмес, тургандыгына сүйүнтүп жаткан Ала-Бука коллежинин азыркы мааракеси үчүн Оштогу эл аралык университетти да алкашыбыз керек.

Айтмакчы, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин учурдагы ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Асан уулу Мамасыдыков Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы жана жигердүү салымы үчүн 2024-жылдын 3-июнунда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы медалы менен сыйлангандыгы тууралуу кабарды окуп калдым.

Сыйлык өз ээсин тапты, деп белгилөө менен бирге, Абдилбает инимди ак дилден куттуктайм. Ал жетектеп жаткан университет 1994-жылы алгач Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык коллежи катары негизделген, 1997-жылы бул окуу жай университет макамына ээ болгон жана быйыл КӨУнун 30 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

КӨУ Ала-Букадагы коллеж аркылуу дагы түрк жана башка элдердин эл аралык кызматташтыгына данакерлик салым кошуп жаткандыгы маалым: Ала-Бука коллежинде кыргыз, өзбек тажик жана башка улуттардагы студенттер окушат. Бул билим бешигинде кыргыз жарандары гана эмес, коңшу Өзбекстандан да келип окушууда.

Жыйындын айрым катышуучулары. Ала-Бука айылы. 07.6.2024.
Жыйындын айрым катышуучулары. Ала-Бука айылы. 07.6.2024.

Агартуучу, айдың Салийма Рысбаеванын унутулгус салымы

КӨУга караштуу Ала-Бука коллежин түптөөгө жана андан ары телчитүүгө зор салым кошкон айдың – филология илимдеринин кандидаты, доцент Салийма Абыл кызы Рысбаева эжеке. Муну аймактагы жамы журт билет.

Эжекебиз Ала-Бука жергесинде 1954-жылы 17-февралда жарык дүйнөгө келген. Ал 1979-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (азыркы ОшМУ) аяктап, “кыргыз тили жана адабияты мугалими” адистигине ээ болгон.

Салийма эжеке 1999–2002-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин – КМПУнун (азыркы КМУнун) Ала-Бука филиалында директор, 2002–2004-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин Ала-Бука сырттан окуу факультетинде декан, 2004–2009-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин Ала-Бука гуманитардык-педагогикалык институтунда директор, 2009–2017-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин Ала-Бука коллежинде директор болуп иштеди. 2017-жылдан бери ал аталган коллежде (улам жаңы аталышка ээ болгон жана учугу 1999-жылдан бери уланып келе жаткан жогорку окуу жайда) доцент катары кызмат өтөп келет.

Салийма эжеке 2008-жылы “Кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдүн айтылыш максатынын коммуникативдик-функционалдык түрлөрү (семантика-грамматикалык талдоо)” деген темада тил илимдери жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтьүү коргогон.

2005-жылдан тартып ал Кыргыз-Өзбек университетинин доценти кызматын аркалап келет.

Салийма эжеке коллежге чейинки ишмердиги маалында да жаратмандыгы менен айырмаланган агартуучу эле. Маселен, 1990-жылы ал Ала-Бука районунан караштуу “Биринчи май” орто мектебинде тарыхый чөлкөм таануу музейин ачкан.

Ала-Бука районунун калайыгы Салийма эжекени аймактагы постсоветтик алгачкы гимназияны, КМПУнун (КМУнун) филилалын түптөгөн инсан катары, бул мурдагы КМУнун бөлүмүн сактап калып, азыркы КӨУнун коллежи деңгээлине чейин чыгарган уюштуруучу жетекчи жана айдың катары дурус билишет.

2015-жылы ал Ала-Букада “Зирек” билим берүү мекемесин, ал эми 2023-жылы орус тилиндеги Ала-Бука инновациялык мектебин негиздеген.

Демек, ал 2011-жылы Ала-Бука районунун “Ардактуу атуулу” наамына бекеринен татыган эмес.

Ала-Бука коллежинин 25 жылдыгына жана белгилүү педагог, илимпоз, филология илимдеринин кандидаты, доцент Салийма Абыл кызы Рысбаева эжекенин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйын. "Фейсбук" барагындагы маалымат. 07.6.2024.

Ала-Бука районунун жетекчилиги жана тургундары, КӨУнун жана Ала-Бука коллежинин жамааты, Кыргызстандын бир катар аймактарынан жана Өзбекстан менен Казакстандан келген илимпоздор 2024-жылдын 7-июнунда Салийма эжекенин 70 жылдык торколуу тоюн ал түптөгөн коллеждин чейрек кылымдык мааракеси менен эриш-аркак белгилешти.

Илимий жыйынды КӨУнун ректору, профессор Абдилбает Асан уулу Мамасыдыков алып барды. Анда чыгып сүйлөгөн Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) вице-президенти, психология илимдеринин кандидаты, профессор Тууганбай Коңурбаев КӨУнун Ала-Бука кесиптик коллежине Салийма Рысбаеванын ысымын ыйгаруу сунушун айтып чыкты.

Илимий жыйын жана мааракелик чаралар маалында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кайырбек Чаргынбаев, көрүнүктүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, профессор Советбек Байгазиев, КББАнын Филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев, Өзбекстандан келген профессор Салимахан Мирзаева, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин кафедра башчысы, тарых жана саясий илимдер доктору, профессор Аалыбек Акунов, Эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Муратбек Кожобеков, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана көркөм өнөр университетинин ректору, таанымал композитор Түмөнбай Колдошов, казакстандык профессор Жаннат Николаевна Бисенбаева, ОшМУнун кафедра башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, учурунда Тарту университетин аяктап, эстон тилинде суудай билген Маралбек Өскөнбаев, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент (Салийма эжекенин күйөө баласы) Кенжебек Белеков жана башка айдыңдар дагы маараке ээсине карата жылуу сөздөрүн айтышып, Т.Коңурбаев мырзанын сунушуна колдоо көрсөтүштү.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Бүшарипа Үкүева, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Өрүктү айылынын тургуну, КӨУнун коллежинде дарс окуган тарых мугалими Равшанбек Термечиков, Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты, жылаажын үндүү ырчы Турдугүл Баязова, ала-букалык акын Чаткалбай Айтбаев, Түндүк Кипр Түрк Жумуриятында байырлап жаткан журналист Асылкан Шайназарова, Салийма эженин сиңдиси Бүниса Момбекова, Салийма эжекенин кыздары – химия илимдеринин кандидаты Гүлбарчын Кожобекова, Ала-Бука коллежинин директору Гүлкайыр Кожобекова, Сорбонна университетинде таалим алган жана “Альянс” билим борборун жетектеп жаткан Жылдыз Кожобекова ж.б. жазган С.А.Рысбаева эжекеге арналган куттуктоо сөздөр “Акыйкат” жана “Леди KG” сыяктуу мезгилдүү басылмаларга да жарыяланды.

Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз элчилери Өмүрбек Текебаев менен Аскар Бешимов да маараке ээсине карата куттук сөздөрүн видео тасма аркылуу айтышты. А.Бешимов мырза өзү ала-букалык болот.

Өмүкөнүн куттук сөзүнөн улам Салийма эжеке бир кездери “Ата Мекен” партиясын да колдоп жүрсө керек, деп боолголоп койдум. Элчинин “инсандын жашы жылнаамалык (календарлык) өзгөчөлүк аркылуу гана эмес, анын коомдук турмушка салымы аркылуу да бааланат”, деген кеби жакты.

Ала-Бука. 07.6.2024.
Жыйындын төрүндөгүлөр. Солдон үчүнчү - Салийма Рысбаева айым. Ала-Бука. 07.6.2024.

Ала-Бука, Аксы жана Чаткал аяр мамилеге муктаж

Чек араны жээктей жайгашкан башка райондор сыяктуу эле, Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондору дагы маданият жана билим берүү тармагында өзгөчө камкордукка муктаж экендиктерин бул жолку сапарымда дагы бир ирет аңдадым.

Илимий шерине жана андан кийинки маданий чаралар маалында айткан сөздөрүмдүн бир-эки өңүтүн кайталай кетсем болот.

Азыркы тапта Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы такталып калды. Эми бул оң маанайдагы жыйынтыкты чек аранын аркы-берки өйүздөрүндөгү карапайым калайык өз жон териси менен дурус сезүүсү үчүн андан аркы саясий демилгелер керек.

Бул бир тууган өлкөлөрдүн өз ара каттамдарын камсыз кылуу үчүн чек ара бекеттерин көбөйтүү жана алар аркылуу өтүү эрежелерин алда канча жеңилдетүү зарыл.

Жыйында Чехиядагы турмушум тууралуу да айтып бердим. Чехиядан Евробиримдиктин жана Шенген аймагынын мүчөсү болгон коңшу өлкөлөргө өтүү кандайча жеңил болуп калгандыгын элестетүү үчүн 1993-жылга чейин кыргыз жана өзбек жарандары бири-бирине эч тоскоолсуз эркин каттаган учурду эле эскерүү зарыл.

Ала-Букадан Касан-Сайга, Оштон Анжыянга түшкү тамак ичүү үчүн ээн-эркин каттап жүргөн кыргыздар, Шах-Фазил күмбөзүнө, Падыша-Ата (Патча-Ата), Арсланбап, Сары-Челек, Апшырсай сыяктуу жерлерге мурда эркин каттап жүргөн өзбектер жана жалпы тарыхый түркстандыктар азыр деле Шенген аймагындагыдай өз ара эркин каттоо мүмкүнчүлүгүн кайрадан алууга куштар жана акылуу эмеспи.

Сөзүмдүн дагы бир өңүтү – чек аралаш бир тууган калктардын азыркы улан-кыздары англис, орус жана башка эл аралык тилдерден тышкары чөлкөмдөгү кыргыз, казак, өзбек, каракалпак, тажик, түрк тилдерин ынтызарлык менен үйрөнүшү керектиги жөнүндө болду.

Боордош элдердин тилдерин өз ыктыярыбыз менен үйрөнүшүбүз үчүн эми мурдагы советтик Кремлден уруксат суроонун эч кажети жок, азыркы тапта өз демилгебиз жана дилгирлигибиз гана керек, дедим.

Маданий жана илимий көпүрөлөр үзүлгөн жок. Маселен, Ала-Бука районундагы Сафид-Булан айылында өзбекче театр иштеп жаткандыгы, Анжыян мамлекеттик университетинде Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы ырааттуу иш жүргүзүп келээри да алгылыктуу.

Чехияда маданий жайлар жалаң гана борбор шаарда топтолгон эмес. Бир катар чакан шаарчалар жана ири кыштактар да жергиликтүү театрларын, маданий борборлорун, китепканаларын, спорттук жайларын жана чөлкөм таануу багытындагы музейлерин куруп алышкан.

Бул жаатта бизде көйгөйлөр арбын. Элетте маданий үйлөр, китепканалар кескин кыскарган.

Маселен, Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагы район борборунан дээрлик 120 чакырымдай алыстыкта – эң батышта жайгашкан экен.

Көк-Таштын алтын кенине гана кызыкпастан, бийликтер бул айылды өнүктүрүү үчүн анда маданий жана агартуу жайларын курууну, талкаланган жолдорду оңдоону, казылып алынган кендин ордун кайра көрктөндүрүүнү жана туристтик ажайып жайларды жаратууну алдын ала каржылоо жагын да ошол алты кенинен баар таап жаткандардан эмитеден талап кылуусу зарыл.

Ала-Букадан Чаткалга карай өтчү жолдогу айрым байыркы эстеликтер ойрон болгон жана мурдагы алтын кендеринде иштеген кээ бир компаниялар өздөрүн өздөрү “жоюп”, жаратылыш көркүн кайра калыбына келтирүүдөн жаа бою качышкан. Бул жаатта эл аралык илимпоздор тобу калыс изилдөө жүргүзүшкөн жана аянычтуу маалыматтарды жарыялашкан.

Эми 2020-жылдагы Үмүт ыңкылабынын шарапаты менен бийликке келгендер өткөндүн ачуу сабактарын унутпастан, Ала-Буканы ар тараптуу өнүктүрүү маселесин стратегиялык маанидеги маселе катары кароосу абзел.

Айтмакчы, болочокто Ала-Букада деле аба майданы курулушу ажеп эмес. Электр кубатын колдонгон темир жол салып, Ала-Бука менен Аксыны Фергананын ичкерки аймактары менен байланыштыруу жагы деле XXI кылым үчүн кыялда гана калчу ой болуп саналбайт.

Нурмолдо сыяктуу ойчул акындар жалпы Фергана үчүн таасир тийгизген айдыңдардан болушкан.

Ала-Бука жергесинде Кокондун тактысына Шералы хан отургузулган. Полот хандын көтөрүлүшүндө да, эгеменчил басмачылык кыймылдарында да көп этностуу ала-букалыктар жигердүү катышкан.

Бул аймактын тарыхый жана маданий мурасын көп этностуу мозаикалык көрүнүшүнүн кунарын бузбастан ар тараптуу изилдөө иши да эл аралык жана чөлкөмдүк кызматташтыкты талап кылат.

Ала-Бука айылы. 06.6.2024.
Эл аралык илимий жыйындын айрым катышуучулары. Ала-Бука айылы. 06.6.2024.

Айдыңдардын Ала-Бука шеринеси маалында башка да омоктуу ойлор айтылып жатты.

Бул мааракелип иш-чараларды уюштурган бардык тараптарга, анын ичинде Ала-Бука райондук акимчилигине, айыл өкмөтүнө, КӨУнун ректоратына, Ала-Бука коллежинин жетекчилигине жана жамаатына айтылган алкоо сөздөргө биз дагы кошулабыз.

Бул иш-чаралар куттуу Ала-Бука жергесинде жана ага коңшулаш Чаткал, Аксы райондорунда аткарылгандардан жүзөгө ашырыла элек долбоорлор алда канча арбын экендигин таасын айгинелешти.

Ала-Бука коллежи өз алдынча университетке айланган учур, ал эми Ала-Бука кыштагы шаар макамын алчу кезең ылайым тезирээк эле келсе экен, деген тилегибизди кыстара кетмекчибиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG