Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:00

Борбор Азиядагы эне тил көйгөйү, орус тил басымы


Борбор Азия президенттери Москвада. Май, 2023-жыл
Борбор Азия президенттери Москвада. Май, 2023-жыл

Эне тилди өнүктүрүү демилгелери соңку кезде Кыргызстанда эле эмес, орус тили кеңири колдонулган Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да маал-маалы менен көтөрүлчү болду. Мындай талкуулар Орусиянын армиясы Украинага басып киргенден кийин күчөгөнүн байкоого болот.

Кыргызстанда мындан ары жогорку окуу жайларына окууну каалаган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат. Мындай маалыматты 21-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева абитуриенттердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо буйругу жөнүндө парламентте маалымат берип жатып айтты.

Жыйын маалында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев башталгыч класстын окуучуларын жалаң кыргыз тилинде окутууну сунуштап, буга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бул ыкмасын киргизген Казакстанды мисал келтирди.

"Коңшу Казакстанда 1-4-класска чейин бир гана казак тилинде сабак өтөт. Башка тил жок. Биз ушундай кадамга барышыбыз керек. Баланын тили бала бакчада, башталгыч класста калыптанат".

Борбор Азиянын ар бир өлкөсүнүн өзүнүн мамлекеттик тили бар. Мурдагы советтик республикалардын ичинен Кыргызстан гана орус тилине расмий макам ыйгарган. Чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө орус тилинин мындай макамы болбосо да, узак жылдардан бери ар кандай чөйрөдө колдонулуп, окутулуп келет.

Орусиянын бийлиги кыргыз бийлигине бирде орус тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирсе, бирде “орус тилин чектеп” жатканын ар кандай кызмат адамдарынын оозу менен айттырып турат.

“Аватарды” которгон казактар

Жогорку Кеңештин спикери мисал келтирген Казакстанда 2022-жылдан тарта 1-класстын окуучуларына орус жана англис тилин үйрөтүү токтотулган. Башкача айтканда, өлкөдө орус тили балдарга 2-класстан, англис тили 3-класстан тарта окутулат. Мектеп окуучулары 5-класстан тарта милдеттүү түрдө казак тилинен мамлекеттик сынак тапшырууга тийиш.

Негизи Казакстан орус тилинде окуткан мектептердин саны жагынан чөлкөмдө биринчи орунда турат. Өлкөдөгү мектептердин жарымынан көбү же 57% казакча билим берет.

Казакстандын Конституциясында жазылгандай, казак тили мамлекеттик тил. 7-берененин кийинки бөлүмүндө “мамлекеттик уюмдарда жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында казак тили менен катар орус тили расмий колдонулары” айтылган.

Акыркы эл каттоого ылайык, Казакстанда беш жаштан жогорку 13,7 миллион киши, башкача айтканда, калктын дээрлик 81% казакча сүйлөйт. Бирок, алардын көбү күнүмдүк турмушта орус тилинде пикир алышары айтылат. Мисалы, Россотрудничествонун былтыркы маалыматында казак калкынын дээрлик 90% орусча билет. Айтмакчы, Казакстан аймактагы эң көп орус тилдүү калкы бар өлкө. 2021-жылкы маалыматка ылайык, акыркы 30 жыл ичинде орус улутундагы калктын саны 6,2 миллиондон 2,8 миллионго чейин кыскарган.

Коомчулук жана активисттер эне тилди өнүктүрүүдө мектеп программасынан тышкары, кино жана адабий чыгармалар да казак тилинде болушу керектигин айтып келет.

Алсак, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы казакчага дубляждалган “Аватар: Суу жолу” тасмасы касса чогултууда рекорд койгонун билдирген.

“Илимий фантастикалык чыгарманын казак тилиндеги версиясын 43 миңден ашык көрүүчүлөр көрүп, биринчи жолу кассадан түшкөн киреше 71 миллион теңгени түздү. Бул Голливуд тасмаларынын дубляжынын 12 жылдык тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч”.

Казакстанда бүгүнкү күндө тил коомдогу чыр-чатакты жаратуучу факторлордун бири. Эне тил улуттук-патриоттук маанайдагы саясатчылардын риторикасынын негизги компоненти болуп, мамлекеттик (казак) тилдин позициясын бекемдөө боюнча талкуулар барган сайын күчөп жатат.

Өзбекстан - бүтпөгөн латин ариби

Тил маселеси кошуна өлкө Өзбекстанда да маал-маалы менен козголуп келет. Бул өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик тил деп өзбек тили бекитилген, орус тилине эч кандай макам берилген эмес. Бирок Өзбекстандын Баш мыйзамы орус тилинин өнүгүшүн жана эркин колдонулуусун кепилдейт.

Өткөн аптада өзбек тилин коргогон ректор Кремлдин каарына калган.

13-февралда Шерзодхон Кудратхожа өзбекстандык белгилүү журналист жана блогер Кирилл Альтман менен маектешкенде мамлекеттик тилди билбеген өзбекстандыктар жөнүндө сөз кылган. Ал Карл Маркстын цитатасын эске салып, өзү жашап турган өлкөнүн тилин “баскынчы же келесоо” гана билбей турганын айткан.

Январдын ортосунда өзбек парламентинин вице-спикери, "Миллий тикланиш" партиясынын лидери Алишер Кадыров орус тилин билим берүүдө, телеканалдарда жана башка тармактарда колдонууну кайра карап чыгууну сунуш кылган.

Ага чейин өзбек парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева Ташкентте жаштар менен жолугушууда Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбой турганын айткан. Анын алдында орусиялык пропагандачылар Өзбекстанга каршы бир нече билдирүү жасаган.

Орусиянын Россотрудничество уюмунун маалыматында, 2023-жылга карата Өзбекстанда калктын 50% жакыны орус тилинде сүйлөйт, 2,7% орусчаны эне тили деп эсептейт. Расмий маалыматка ылайык, жалпы билим берүүчү 10 миңден ашуун мектептин миңге жакынында окуу процесси орус тилинде жүрөт.

2020-жылы өзбек өкмөтү 10 жылдык мөөнөткө өзбек тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү концепциясын бекиткен. Мамлекеттик тилдин коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук ишке ашырылышын камсыз кылуу жана санариптештирүү максатынан тышкары, өзүнчө пунктта "латын арибине негизделген өзбек тилин андан ары өркүндөтүү" жана "жаңы арипке толук өтүүнү камсыз кылуу" белгиленген.

Өзбекстанда латын алфавитине өтүү дээрлик эгемендик алгандан бери күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болуп келет. Жазууну латындаштыруу процесси 1993-жылы башталган. Бул процесс андан бери үч жолу жылган. Соңкусу 2023-жылга чейин белгиленип, бирок толук аяктай элек.

Тажикстан: Москвага жол ачкан орус тили

Ал эми Тажикстанда орус тили улут аралык тил деген юридикалык макамга ээ.

Өлкөдөгү 39 орус тилдүү мектепте 27 миңдей бала билим алат. Андан тышкары тажик жана орус тилдеринде окуткан аралаш мектептер бар.

2023-жылы Орусия менен Тажикстан ири шаарларда эки президенттин виртуалдык катышуусунда биргелешкен беш мектеп ачылган. Бардык сабактар орус тилинде берилип, тажик тили менен тажик тарыхынан тышкары бардык окуу китептери Орусиянын билим берүү программасына жараша түзүлгөн.

Билим берүү программасына ылайык, тажик тилдүү мектептерде мамлекеттик тил 1-класстан 11-класска чейин, орус тили 2-класстан 11-класска чейин, ал эми чет тилдердин бири (англис, немис, француз) 3-класстан тарта окутулат. Ири шаарларда маселен, Дүйшөмбүдөгү мектептерде орус тилдүү класстарда тажик тили 2-класстан тарта окутула баштайт.

Жыл башында Тажикстан парламентинин депутаттары Жарандык-процессуалдык кодекстин аталышын тажикче кылып өзгөртүү чечимин кабыл алды. Эми "граждандык" (гражданский) сөзү "мадани" деп аталып калды. Бир нече жыл мурун аскердик наамдарды да тажикчелетүү демилгеси көтөрүлгөн. Тилчилер мындай демилгелерди мамлекеттик тилди өнүктүрүү катары сыпатташат. Мындан тышкары Тажикстанда орус тилине ыңгайлаштырып жазылган фамилияларга тыюу салынган.

2007-жылга чейин кошуна өлкөнүн жетекчиси Эмомали Шарипович Рахмонов деп аталчу. Президент ошондо мекендештерин өз тамырларына кайтууга, андан үлгү алууга чакырган.

Андан тышкары өкмөт бир катар шаарлардын, райондордун, калктуу жайлардын советтик доордон мураска калган аталыштарын өзгөрткөн.

Мыйзамда тажик тилинин коомдун ар кандай тармактарында, анын ичинде билим берүү, расмий иш кагаздары жана массалык маалымат каражаттарында мааниси баса белгиленет.

Бирок тажиктердин орус тилин “келечектүү тил” деп эсептегенинин айрым себептери бар. Тажикстанда бир эле учурда миллиондон ашык жаран тажик жана орус жарандыгына ээ. Өлкөлөр ортосунда 1996-жылы түзүлгөн келишим аларга Орусиянын жарандыгын алууга мүмкүндүк берет.

Бир миллионго жакын тажик мигранттары Орусияда туруктуу же убактылуу жүрөт. Орус тилин билбегендик аларга жумуш табууда, документтерди мыйзамдаштырууда, коомго аралашууда бир топ тоскоолдуктарды жаратат. Ушундан улам алар орус тилин билип же үйрөнүүгө далалат кылат.

Түркмөнстан: радикалдуу чаралар

Түркмөнстан эне тилди калыбына келтирүү боюнча Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда алда канча алдыга жылган. 2020-жылга карата өлкөнүн тургундарынын 18% гана орус тилинде сүйлөйт. Бул көрсөткүчкө абдан радикалдуу реформалар алып келген.

Эң негизгиси латын арибине өтүү демилгеси болгон. Түркмөнстанда бала бакчадан баштап орто мектепке чейин билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окутуу жалгыз түркмөн тилинде жүргүзүлөт.

Эне тилге өтүү жараяндары өлкөнүн массалык маалымат каражаттары аркылуу жүргөн. Айтмакчы, өлкөдө орус тилиндеги бир гана гезит калды.

Бирок, мындай радикалуу чаралардын кесепеттери да байкалган. Түркмөнстанда улуттук азчылыктардын өз эне тилинде сүйлөө укугу чектелгени кабарланып келет.

Ошентип, эне тилди өнүктүрүү демилгелери Кыргызстан эле эмес анын коңшу өлкөлөрүндө да көтөрүлүп жатканын тизмектедик. Анын жыйынтыгы кандай болору азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG