Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Четин Жумагулов: Чыгаан битик таануучу илимпоз дүйнө салды


Түрколог Четин Жумагулов. 2005.
Түрколог Четин Жумагулов. 2005. Женгиз Алйылмаз тарткан сүрөт.

Кыргыз элинин чыгаан түрколог жана булак таануучу окумуштуусу Четин Жумагулов 23-майда 87 жашында дүйнө салды. Орто кылымдардагы жазма маданияттын эстеликтерин ырааттуу иликтеп келген мээнеткеч илимпоздун жаркын элеси тууралуу тарыхчынын блогун сунуштайбыз.

Жазма маданият тарыхын изилдеген аалым

Мурдагы совет доорунда саясатчылардын оозунан түшпөгөн жобо – “кыргыздарда жазма маданият болгон эмес. Улуу Ленин түзгөн бийлик гана 1924-жылы кыргыздарга алфавит негиздеп берген” деген эски “ырга” байланыштуу болчу.

Арийне, ошол эле совет доорунда кыргыздын далай окумуштуулары өлкөбүздөгү орто кылымдардагы жазма маданияттын мурастарын ырааттуу иликтешкен жана жазма маданиятыбыз бар экендигин саймедирлеп айтып келишкен.

Бирок... ал айдыңдардын ичинен ошол көөнө жазма булактарын түп нускасында окуп иликтей алган саналуу гана адистер бар эле. Маселен, арап жана фарсы булактары боюнча жазма булактарды түп нускасында окуп, алгачкы иликтөөлөрдү жүргүзгөн маркум тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүркул Караевдин чыгармачыл мурасын ыраазылык менен эскерсек болот. Бул баштоочу агайыбыздын артынан башка да чыгыш таануучу тарыхчылар (Анварбек Мокеев, Муратбек Иманалиев, Таласбек Машрапов, Таалайбек Бейшеналиев, Акылбек Кылычев, ж.б.) өсүп чыгышкан.

Ошондой саналуу адистердин бири – маркум Четин Жумагулов (1937–2024) агайыбыз болчу.

Азыркы тапта жалпы Евразиядагы битик жазмасынын эстеликтерин үзүрдүү иликтеп келе жаткан окумуштуулардын бири, профессор, илим доктору Женгиз Алйылмаз (Cengiz Alyılmaz; 1966-жылы Түркияда туулган) мырза өз макалаларынын биринде Четин агай тууралуу мындайча таамай жазган экен:

“...Аталган илимпоздордун олуттуу бөлүгүнө Кыргызстандагы байыркы түрк маданияты менен цивилизациясынын эстеликтерин, түрк тарыхын, археологиясын, архитектурасын жана петроглифтерин изилдөө маалында, чындыгында, жазма эстеликтер менен алектенүүгө да туура келген; Алардын өтө аз бөлүгү гана негизинен жазма эстеликтерди изилдөө менен алектенип, бүт өмүрүн ушул нукта өткөрүшкөн. Ушул экинчи топко кирчү окумуштуулардын сабынын башында, шексиз түрдө, өмүрүнүн жарым кылымдык бөлүгүн жазма эстеликтерди изилдеген илимге арнаган Четин ЖУМАГУЛОВ турат”.

(“...Anılan bilim insanlarının önemli bir kısmı aslında Kırgızistan’daki eski Türk kültür ve uygarlık eserlerini, Türk tarihini, arkeolojisini, mimarisini ve petroglifleri araştırırken yazıtlarla da ilgilenmek durumunda kalmış; çok az bir kısmı ise, esas olarak yazıtlarla uğraşıp ömürlerini bu uğurda tüketmişlerdir. İkinci gruba giren bilim adamlarının başında da hiç kuşkusuz ki, ömrünün yarım yüzyılını yazıt bilimine veren Çetin CUMAGULOV gelir.”)

Бул – эч калетсиз калыс сөз.

Четин агай иштеп кеткен мекемелердин бири – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия маркумга багышталган Азакатты (Некрологду) жарыялады.

Бул комиссиянын Фейсбукта жарыяланган аза күтүү катында мындайча саптар бар:

“...Профессор Четин Жумагулов 300дөй илимий эмгектердин автору.

Эмгектери чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргыз тилине которгон.

Ч.Жумагуловдун “Эпиграфика Киргизии”, “Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии”, “Кыргызстандын эпиграфикалык эстеликтери”, “Кыргызстандын байыркы эстеликтери”, “Эпиграфические памятники древнего”, “ Кыргыз терминологиясынын айрым актуалдуу маселелери”, “Кыргызстандагы несториан түрк эстелик жазуулары (XIII-XIV кылымдар)” ж. б. бир нече илимий эмгектери, котормолору элге белгилүү.

Бүгүн элибиздин сыймыктуу уулу дүйнө салып, элибиз дагы бир оор жоготууга учурады. Агайдын жаркын элеси ар дайым ар бир кыргыз жүрөгүндө түбөлүк сакталат...”

Четин Жумагулов. Бишкек. 16.09.2006
Түрколог Четин Жумагулов. Бишкек шаары. 16.09.2006. К.Табалдыевдин сүрөтү.

Көп кырдуу адис

Атаганат, совет доорунан берки айрым бюрократтык жасалма чектөөлөр Четин агайды тилчи, түрколог катары гана эсептөөгө аргасыз кылат. Өзгөчө ал Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) филология факультетин аяктагандыгы (1960), ал жактаган илимий диссертация ага филология илимдеринин кандидаты даражасын алууга мүмкүндүк бергендиги (1969) Четин агайды өмүр бою тилчи адис катары гана чектеп баалоого түрттү.

Иш жүзүндө, ал – кеңири деңгээлдеги чыгыш таануучу жана булак таануучу адис болчу.

Анын тилчи–түрколог экендигинде, албетте, эч шек жок.

Ошону менен катар эле ал эпиграфикалык эстеликтерди изилдеген булак таануучу болуп саналат. Мыкты булак таануучу өзүнө чейинки иликтөөлөрдүн тарыхын (башкача айтканда, тарыхнааманы) дурус өздөштүрүүгө тийиш. Демек, бул жаатта ал тарыхчы да болуп саналат.

Ал көп тилдердеги тексттерди өз алдынча үйрөнүүгө жетишкен. Демек, кайсы бир деңгээлде аны полиглот деп айта алабыз. Албетте, сириялык тил, согду тили сыяктуу айрым тилдердеги тексттерди аңдоого ага башка да чыгыш таануучулар кеңеш бергендиги талашсыз.

Мында “сириялык тил” деп биз азыркы Сириядагы арап тилин эмес, араптарга чейин эле өнүккөн жазма адабияты болгон жана арамей жазмасынан кийин же ага удаа өз алфавиттик жазмасын негиздеген б.з. I миң жылдыктагы ассириялык тилди айтып жатабыз. Бул тилде сүйлөгөн айрым несторийчи христиандар (“тарса” деген этноним менен аталган калк) башка негизги христиандык агымдардын куугунтугунун айынан Борбордук жана Ички Азияга чейин үркүп келүүгө аргасыз болушкан.

Четин Жумагулов агай Кыргызстанда ошол тарсалар жана алардын түрктөшкөн урпактары калтырган уникалдуу эпиграфикалык эстеликтерди изилдеген алгачкы кыргыз окумуштуу.

Несторийчи христиандардын эстеликтерин изилдөө аркылуу ал семит тилдериндеги булактардын түрүн иликтеген чыгыш таануучу да болуп калды.

Четин агайдын өмүр бою жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары Кыргызстандын жана жалпы Борбордук Азиянын диний жана маданий тарыхын изилдөө үчүн баалуу фактологиялык маалыматтарды тартуулаган. Ошондуктан агайды биз көп кырдуу тарыхчы катары да кабыл алабыз.

Ал эми эпиграфикалык эстеликтерде учураган киши аттары жана этнонимдер ономастикалык илимий тармак аркылуу аныкталат.

Кээ бир маалыматтарды фолклор таануу жана этнография адистиктеринин кыртышында иргөө керек.

Демек, бул жааттарда да Четин агай бир эле учурда тилчи жана тарыхчы болуп саналат.

Түркологдор Четин Жумагулов жана Женгиз Алйылмаз. 2005.
Түркологдор Четин Жумагулов (оңдо) жана Женгиз Алйылмаз битик алфавитинде чегилген №XIV Талас жазуусунун эстампажын жасап жаткан учур. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун үй-музейи. Бишкек. 2005.

Булак таануучулук саамалыктарынан

Четин Жумагуловдун булак таануучулук салымдары, маселен, Талас жергесинде табылган жана мурдараак илим чөйрөсүнө котормосу менен киргизилген айрым эстеликтерди жаңыча окуп, которгондугу менен байланыштуу болду.

Четин агай өзү да белгилеп жүргөндөй, №2 Талас эстелигиндеги үчүнчү саптагы бир сөздү мурда С.Е.Малов сыяктуу аалымдар “алтын” деп окушса, Ч.Жумагулов бул эстелики дааналап изилдөөнүн натыйжасында ал терминди “алты” деген вариантта окууну сунуштаган.

Четин агай кыргызстандык жана түркиялык бир катар жаш адистерге устат катары тынымсыз көмөк көрсөтүп келгендигин археолог, профессор Кубатбек Табалдыев, битик таануучу, профессор Женгиз Алйылмаз жана башка илимпоздор терең ыраазычылык менен жазып жүрүшөт.

Чоротегин Т. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак. Бишкек, 2017. Мукаба.

Ушул саптардын ээси бабабыз Махмуд Кашгари Барскани 1072–1077-жылдары арапча жазган “Дивану лугати т -түрк” эмгегин тарыхчы, этнолог жана булак таануучу катары иликтеди.

Махмуд Кашгари Барскани “Диванынын” бир жеринде (120а-бетте) “Кулбак” деген такыба динчи кишинн атын (анторопонимин) төмөнкүдөй эскерет:

«'КУЛБAK' — түрктөрдүн бир такыбасынын ысымы. Ал Баласагындын тоолоруна (б.а. азыркы Кыргыздын кырка тоосуна. — Т.Ч.) көнүмүш таап жашаган. Айтымдарына караганда, ал өтө чоң бир кара аскага өз колу менен 'Теңри қулы Қулбак', [арабча] туюнтканда — 'Алланын кулу Кулбак', — деп жазып койгон экен. Андагы ак түстөгү жазуусу даана түшүрүлгөн. Ушул сыяктуу кылып ал ак аскага жазыптыр да, кара түстөгү жазуу даана чыккан. Анын изи күнү бүгүнкүгө чейин сакталып турат».

Четин агай болсо Талас өрөөнүндөгү Кулан-Сай капчыгайында бир асканын бетинде согду тилинде бир жазуу сакталып калгандыгын белгилеп, андагы «Култак» деген антропонимди “Дивандагы” алиги “Кулбак” менен окшоштурган.

(Караңыз: Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак / Илимий ред. Т.Өмүрбеков, К.Молдокасымов. – Бишкек: “Турар”, 2017. – 278–281-беттер).

Бул жааттагы кайчы пикирлерге кайрылып отурбайлык, айтор, "Кулбак" деген киши аты жөнүндөгү ойлорунан эле айгинеленгендей, Четин агай ар кыл тилдерде жазылган доордош жазма булактарды өз ара салыштырып иликтөөнүн устаты болчу.

Четин агай арап жазмасында ар кыл тилдерде сакталып калган эпиграфикалык эстеликтерди да ырааттуу иликтеп келген. Демек, аны жалаң гана битик (руна сымал түркчө жазмалар), сириялык, тибет жана согду жазмаларындагы эпиграфикалык эстеликтер менен гана алектенген деп эсептөөгө болбойт.

Түрколог Ч.Жумагулов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1998), Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006) болгон.

Анын эмгектерин башка өлкөлөрдө да жогору баалашкан. Маселен ал Түрк Тил Коомунун (Türk Dil Kurumu) ардактуу мүчөсү (2000) болуп шайланган.

Четин Жумагулов (2-катарда солдон төртүнчү) эл аралык илимий жыйында.
Четин Жумагулов (2-катарда солдон төртүнчү) эл аралык илимий жыйында.

Кайдыгерликтен жапа чеккен илимпоздун көөнөргүс мурасы

Бирок Четин агайдын илимпоздук тагдыры сыйда кеткен эмес. Негедир, тил илиминдеги аткаминерлер ага өмүр бою жарыялап келген олуттуу илимий монографияларынын негизинде тил илимдеринин доктору илимий даражасын ыйгаруу жаатында сараңдык кылышкан экен.

Чын-чынында, анын бул илимий эмгектери ага академиктик наам берүүгө да өзгөчө татыктуу болчу.

Бизде аткаминерлер, адатта, окумуштуулардын чыныгы ордун аныктоодо сокурдук кылып, көбүнесе бюрократтык регалийлер жагын гана санап туруп алышат.

Бир катар энциклопедиялык жыйнактарды жарыялап келе жаткан айдың Аттокур Жапановдун төмөндөгү сөздөрү коомчулукту кайдыгер калтырбайт болуш керек:

“Кыргызстан эпиграфикасынын атасы, чоң түрколог Четин Жумагулов агайыбызды кечээ (24.5.2024) акыркы сапарга узаттык. “Ала-Арча” көрүстөнүнө сөөгүн коюуга уруксат бербей коюшуптур, чоңдорубуз. Эмгеги катуу сиңген адамды тээ алыс жакка алып барып койдук жайына. Ушул чоңдорду түшүнбөйм. Катуу жазайын дейм, айтса жаман көрүшөт. КР Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Четин Жумагулов 87 жашында каза болду...” – деп Аттокур Жапанов “Фейсбук” барагында кейип жазды.

Негизи, маркум Четин Жумагулов улутубуздун каймагы болгон айдыңдардын бири катары өзгөчө аздектөө менен каралышы абзел болчу.

Маселе – маркумдун кайсы жерде көмүлгөндүгүндө деле эместир.

Маселе – кайдыгерликтен улам Четин агайдын көзү тирүүсүндө анын дарегине жылуу сөздү азыраак айтып калгандыгыбызда.

Маркум чыгыш таануучу Өмүркул Караевге карата дагы татыктуу мамиле жасалган эмес эле. Ал түгүл ал Кыргызстандын УИАсынын мүчө-кабарчысы наамына дагы илинген эмес.

Албетте, алардын эмгектеринин өздөрү эле таберик мурас болуп кала берээринде шек жок. Анын өмүр жолу тууралуу Али Челик мырза сыяктуу кээ бир түркиялык замандаштарыбыз айрым эмгектер жазышкан. Эми кыргызстандыктар дагы четин-жумагулов таанууга салым кошот деп үмүттөнөбүз.

Ушунчалык карапайым жана бешенесинен мээрими төгүлгөн, ар дайым ак сөөктүк турпаты менен айырмаланган илимпоз, маркум Четин агайыбыздын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталып кала берет.

Агайдын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

P.S.

Маркумдун айрым эмгектери:

Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 1–3. Фрунзе, 1963, 1982, 1987;

Джумагулов, Четин. Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии [Текст]: Автореферат дис. на соискание ученой степени кандидата филологических наук / АН Кирг. ССР. Отд. общей тюркологии и дунгановедения. Кирг. гос. ун-т. – Фрунзе: [б. и.], 1969. – 27 с.;

Джумагулов Ч. Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Фрунзе, 1971;

Жумагулов Ч. Кыргызстандын эпиграфикалык эстеликтери. Фрунзе, 1988;

Жумагулов Ч. Кыргызстандын байыркы эстеликтери (жазуулар), мамлекеттик тил (ойлор жана проблемалар). Бишкек, 1998;

Джумагулов Ч. Эпиграфические памятники древнего Оша. Бишкек, 1999;

Жумаулов Ч. Кыргыз терминологиясынын айрым актуалдуу маселелери. Бишкек, 2000;

Жумагулов Ч. Кыргызстандагы несториан түрк эстелик жазуулары: (XIII–XIV кылымдар). Бишкек: Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институту, 2011.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG