Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Омелян Прицак: Ысык-Көлдөгү Барскоонду көрүүгө зар болуп өткөн чыгыш таануучу


Украин чыгыш таануучусу, профессор Омелян Прицак
Украин чыгыш таануучусу, профессор Омелян Прицак

Үстүбүздөгү жылы бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы Махмуд Кашгари Барсканинин мурасына арналган илимий жыйындар өтөт. Чыгаан украин чыгыш таануучусу, профессор Омелян Прицак Карахандар каганаты доорундагы бул аалымдын Ысык-Көлдөн чыккандыгын алгачкы болуп шардана кылган. Тарыхчынын блогу.

Махмуд Кашгари Барсканинин эмгегин даңазалоо жылы

Быйыл (2024-жылы) жалпы түрк элдеринин орток көөнөргүс бермети болгон энциклопедиялык мазмундагы илимий чыгарманын – бабабыз Махмуд Хусейн уулу Кашгари Барскани жазган “Дивану лугати т-түрк” – “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” аттуу сөздүгүнүн жана түркологиялык эмгегинин шарттуу 950 жылдык мааракеси бир катар өлкөлөрдө белгиленүүдө. (Мындан ары анын эмгегин “Диван” деп гана кыскартып атайбыз).

Маселен, Эл аралык Түрк академиясы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы жана башка шериктер Бишкекте 24-июнда кашгари таануу боюнча эл аралык илимий жыйын өткөрмөкчү. Ушундай эле жыйын Азербайжандын борбору Бакы шаарында да өткөрүлгөн жатат. Бакыда “Махмуд Кашгарлы” илимий журналы жарык көрүп келет.

Бул мааракелик иш-аракеттерди толук колдойбуз. Анткени анын арты менен калайык Махмуд Кашгари Барсканинин мурасы тууралуу көбүрөөк кабардар болоору бышык.

Мааракелик датаны шарттуу деп атаганыбыздын жөнү да бар. Арап тилиндеги бул эмгек бабабыз тарабынан 1072–1077-жылдардын аралыгында жазылып бүткөн.

Кээде коомчулук турмушунда мындай учурлар боло берет.

Маселен, “Манас” эпосунун шарттуу 1000 жылдык мааракеси 1995-жылы белгиленген, бирок 995-жылы “Манас” эпосуна байланыштуу эч кандай олуттуу тарыхый окуя катталбагандыгын илимпоздор жакшы билишет.

1945–47-жылдары советтик Кыргызстанда “Манас” эпосунун шарттуу 1100 жылдык мааракеси Улуу Кыргыз каганатынын тарыхындагы 840–847-жылдардагы олуттуу окуяларга байланыштырылып өткөрүлмөк болгон, бирок сталиндик бийлик ал мааракелик чараларды таптакыр токтотуп салган.

Ошого карабастан, 1995-жылдагы шарттуу мааракелик чаралар “Манас” эпосу тууралуу маалыматты төгөрөктүн төрт бурчуна таркатууда орчун рол ойногондугун да эч танууга болбойт.

Махмуд Кашгари Барскани. (И.Бакиров тарткан сүрөт).
Махмуд Кашгари Барскани. Сүрөтчү Ибрагим Бакировдун эмгеги.

Махмуд Хусейн уулу Ысык-Көлдө туулгандыгын О.Прицак аныктаган

“Дивандын” автору Махмуд Хусейн уулу Ысык-Көлдүн Барскан шаарында 1029–1038-жылдардын аралыгында туулган.

Дал ушул илимий жоромолду жалпы илим чөйрөсүнө алгач киргизген окумуштуу – теги украин болгон даңазалуу чыгыш таануучу, түрколог, славист, нумизмат, скандинавиялык руна жазмаларын иликтеген булак таануучу, көп тарамдуу полиглот тарыхчы Омелян Прицак экендигин баса белгилегим келет.

Демек, залкар акыныбыз Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген накыл сөзгө айланган саптарын кайталоо менен бирге, Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” шарттуу мааракесинин иш-чаралары маалында маркум украин чыгыш таануучусу О.Прицактын элесин эскерип өтүү – биздин парызыбыз, деп баса белгилегибиз келет.

Айтмакчы, Махмуд Кашгари Барсканинин өлгөн жылы жана орду азырынча белгисиз. Балким, ал Селчук султандары өкүм жүргүзүп турган Ортоңку Чыгышта эле каза болгон болушу ыктымал.

Ал эми Кашкардын батышындагы Опол кыштагындагы Махмуд Кашгари Барсканиге таандык делген күмбөз иш жүзүндө Чыгыш Теңир-Тоонун эгемендиги үчүн ойротторго каршы күрөшкөн XVII–XVIII кылымдардагы кашкардык кожолордун бирине таандык болчу, деген жоромол чындыкка жакын.

О.Прицактын өмүр таржымакалы тууралуу учкай сөз

Омелян Иосифович Прицак (укр. Омелян Йосипович Пріцак, Omeljan Pritsak) 1919-жылы 7-апрелде Батыш Украинадагы Львов облусуна караштуу Самбор районундагы Лука шаарында туулган.

Ал кезде бул аймак болшевиктерден эгемен болгон Батыш-Украин Элдик Республикасына (украинче: Західноукраїнська Народна Республіка) карап турган.

Кийинчерээк бул аймак Польшага баш ийип калган.

Атасы Иосиф украиналык галиция армиясында кызмат өтөгөн жана 1919-жылы сентябрда Брест-Литовск шаарына жакын Бугшопа аймагында поляк туткунунда калып, келтеден каза болгон. Энеси Емилия Капко болсо Павел Сарамага деген көпөскө турмушка чыгып, 1920-жылы бир жашар Омелянды алып, жубайлар Тернополго көчүп барышкан. 1934-жылы өгөй атасы каза болгон.

О.Прицак Тернополдо гимназияны бүтүргөн.

1936-жылы ал Львов шаарындагы Ян-Казимир университетинин гуманитардык факультетине тапшырып, Адам Шелонговский, Константий Хилинский, Владислав Котвич, Тадеуш Левицкий, Теофил Модельский, Францишек Буяк, Людвик Колянковский сыяктуу поляк профессорлорунун дарстарын угат. Ал дүйнөлүк тарыхты үйрөнүп чектелбестен, чыгыш таануу багытында окуп, арап, фарсы, түрк, монгол тилдери жана адабияты жаатында сабактар алган.

Бир чети, чыгыш таануу жаатындагы поляк окутуу системасы О.Прицакка кыйла кеңири таалим алууга шарт жараткан.

Омелян Прицак украин таануу боюнча ар кыл сабактарды Шевченко атындагы илимий коомдун өкүлдөрү болгон профессор Иван Крипякевич, Ярослав Пастернак, Васил Симович жана диниятчы Теофил Коструба мырзалардан алган.

Ошентип, ал Украина тарыхы жана чыгыш таануу адистиктери боюнча ар тараптуу билим алган.

1939-жылы 1-сентябрда нацисттик Германия эгемен Польшага кол салганда, советтик Кызыл армия ошол эле айдын 17синде Польшага чыгыштан кол салган. Бул окуялардын жүрүшүндө Батыш Украина Советтер Бирмдигине карап калган жана Украина ССРинин аймагына кошулган.

1940-жылы февраль айында университетте окууну аяктаганга чейин эле Омелян Прицак Украинанын тарыхы институтунун Львовдогу филиалынын кенже илимий кызматкери жана ошол эле учурда катчысы болуп калат.

1940-жылы июнь айында ал Киевге барып, Украина ССРинин Илимдер академиясынын Тил илими институтунун аспирантурасында окуй баштаган. Ал «ислам филологиясы» адистиги боюнча айтылуу академик Агатангел Крымскийдин шакирти болуп калган.

Өз устаты тууралуу О.Прицак мындайча жылуу эскерет:

“Биздин илимий жолугушууларыбызда негизинен Хазар каганатынын тарыхы темасы козголду, аны Крымский Киев мамлекетинин түздөн-түз башаты деп эсептечү. Ошол убактан ушул күнгө чейин (айрыкча акыркы жылдары) мен көп убактымды хазарлардын тарыхына арнадым; ошентип мен өзүмдүн мугалимиме таазим кылам – ал мени украиналык тарыхтын ошол өзгөчө кызыктуу барагы менен тааныштырды”.

Көп узабай аспирант О.Прицак Кызыл армиянын катарына чакырылды. Ал оболу Башкортостанда кызмат өтөдү.

Согуштун алдында Прицак кызмат өтөгөн артиллериялык полк Белая Церковь жергесине көчүрүлүп, согуштун биринчи айында эле полк өкүлдөрү нацисттер тарабынан туткунга алынган. Оор жаракат алган О.Прицак да туткунга түшкөн. Ал жерден 1941-жылы ал эптеп Львов шаарына жете алган.

1942-жылы, ал Иван Крипякевич уюштурган Украина кабинетине ишке орношкон (чындыгында бул мекеме баскынчылардын бийлиги тарабынан тыюу салынган мурдагы Тарых бөлүмү эле) жана ошол эле учурда Берлин университетинде окуу үчүн өз документтерин даярдаган.

1943-жылы О.Прицак Германияга кеткен. Берлин шаарында эрксизден остарбайтер болуп иштеп жүрүп, арабист Ричард Хартман сыяктуу тааныш чыгыш таануучулардын көмөгү аркылуу илимге кайтып келет.

Ошентип, ал 1943–1945-жылдары Берлиндеги университетте, ал эми 1946–1948-жылдары Гөттинген шаарындагы университетте чыгыш таануу жаатында жогорку илимий таалим алуусун уланткан.

Анын германдык устаттарынын арасында арабист Ричард Хартман (1943–1944) жана Ханс Генрих Шадер (1944–1948) болгон.

О.Прицак 1948-жылы Гөттинген университетинде Теңир-Тоодогу түрктөрдүн алгачкы мусулмандык сулалеси башкарган Карахандар каганатынын тарыхы боюнча илимий диссертация коргогон жана ушул университетте окутуучу болуп иштеп калган.

1951-жылы О.Прицак өзүнүн «Stammesnamen und Titulaturen der altaischen Völker» («Алтай элдеринин уруу аталыштары жана даража наамдары») аттуу эмгегинин негизинде Евразия тарыхы жана алтай филологиясы кафедрасынын доценти наамын алган. 1952-жылы Гамбург университетинин Евразия тарыхы жана алтай филологиясы боюнча окутуучусу, ал эми 1957-жылы анын профессору болуп иштей баштаган.

1952-жылы О.Прицак тил илими жаатында урал (фин-угор, самодий) тилдерин жана алтай элдеринин (түрк, тунгус, монгол, корей) тилдерин ширелтип изилдеген дүйнөнүн бардык окумуштууларын бириктирген «Урал-Алтай коому» аттуу эл аралык илимий уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири жана президентинин орун басары болгон.

Бул коом «Ural-Altaische Jahrbücher» («Урал-Алтай жылнаамасы») журналын жана «Ural-Altaische Bibliothek» («Урал-Алтай китепканасы») монографиялык түрмөгүн чыгара баштады.

Ошол жылдары ал Кембриж, Краков, Варшава, Гарвард университеттерине келип-кетип дарс окуп турган.

1964-жылы ал Гарвард университетинин чакырыгына ылайык АКШга көчүп кетип, аталган университетте жалпы лингвистика жана түркология тармагындагы профессор болуп иштеп калган.

1973–1989-жылдары ал Гарвард университетинин Украина илимий институтунун директору болуп иштеген.

Анын негизги илимий ишмердиги Германияда жана АКШда жашаган жылдарга туура келет.

1991-жылы Украинанын эгемендиги биротоло калыбына келтирилди. Омелян Прицак Украинанын Улуттук илимдер академиясынын президенти Борис Патондон сунуш алган соң, Украинада жаңы саясий шарттарда гуманитардык илимди өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн АКШдан Украинага көчүп келди.

О.Прицак Украинанын Улуттук илимдер академиясынын жаңы түзүлгөн жаткан А.Крымский атындагы Чыгыш таануу институтунун концепциясын иштеп чыкты, жаңыдан илимий топ курады, китепкана түздү жана бул институтта алгачкы эл аралык чыгыш таануу жыйынын уюштурду. Ал 1996-жылга чейин бул институтту үзүрдүү жетектеп келди.

О.Прицак Украина УИАсынын алгачкы чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланды.

1996-жылы ал саламаттыгына байланыштуу кайра АКШга кайткан.

Профессор О.Прицак 2006-жылы 29-майда АКШнын Массачусетс штатындагы Бостон шаарында дүйнөдөн кайткан.

Окумуштуунун сөөгүнүн күлү Киевдеги Лукьянов көрүстөнүнүн колумбарийинин дубалында түбөлүк жайга берилди. Анын экинчи жубайы, тарых илимдеринин доктору Лариса Прицактын (1947–2020) сөөгүнүн күлү да жанына жайгаштырылган.

О.Прицак кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. 1995.
Профессор О.Прицак жаш кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. Украина ИАсынын Чыгыш таануу институту. Киев ш. 1995-жылдын июлу.

Профессор О.Прицактын аткарылбай калган эңсөөсү

Тагдыр шамалы мени 1995-жылы июлда Киевге алып келди. Бир котормочулук долбоору боюнча жолугушууларга келген элем.

Ара-чолодо А.Крымский атындагы Чыгыш таануу институтунун директору Омелян Прицак ошол күндөрү өз кабинетинде иштеп жаткандыгын уктум да, аны менен жолугушууга шаштым.

Профессор О.Прицак абдан жакшы тосуп алды. Анын Карахандар каганатынын тарыхы тууралуу макалаларын, ошондой эле Махмуд Кашгари Барсканинин бабалары жана өмүр таржымакалы жөнүндөгү макаласын Кыргызстанда өзгөчө кызыгуу менен окуп жатканыбызды айттым.

Совет доорунун соңку жылдары, Кайра куруулар мезгилинде, Ленинграддын Коомдук китепканасындагы (Публичная библиотека) өзгөчө сейрек китептер бөлүмүнөн профессор Прицактын Орус мамлекетинин келип чыгышы тууралуу англисче моногафиясын (The origin of Rus'. Cambridge, Mass.: Distributed by Harvard University Press for the Harvard Ukrainian Research Institute, 1981.) окуган элем. Бул тууралуу айтсам, профессор Прицак ого бетер жанданды.

– Аманчылык болсо, Кыргызстанга келип кетиңиз! – десем, ал абдан ыраазы болду.

Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасы.
Махмуд Кашгари Барскани арапча жазган “Дивану лугати т-түрк” эмгегиндеги (1072--1077) дүйнө картасынын чордонунда Ысык-Көл жайгаштырылган.

Профессор Прицак Карахандар каганатынын ордо шаарларынын бири Баласагын жайгашкан жердин калдыгы – Бурана шаар чалдыбарын жана Ысык-Көлдөгү Барскоон жергесин кезүүгө эки көзү төрт экендигин айтты.

Атаганат, күүлүү-демдүү көрүнгөн Омелян агай Ала-Тообузга акыры келип кетет, деген ишенимим аткарылбай калды...

Ден соолугу начардаган соң, О.Прицак кийинки 1996-жылы кайрадан АКШга көчүп кетти. Ал кезде эгемен Украинадагы саламаттык сактоо системасы деле мукурап турса керек эле... Балким, анын көчүп кетүүсүнө башка да жүйөөлүү себептер болгондур?

Ойчул, акын Жусуп Баласагы
Ойчул, акын Жусуп Баласагын 1069--70-жылдары "Кутадгу билиг" дастанын жазган.

Айтор, Кыргызстандын тарыхынын өзгөчө доорлорунун бири – Карахандар каганатынын тарыхын жана бул каганаттагы илим менен билимдин кош жылдызы болгон Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин ичинен экинчисинин өмүрүн жана санжырасын изилдөөгө бараандуу салым кошкон Омелян Прицактын жаркын элесин саналуу чыгыш таануучулар гана эмес, атпай журтубуз барктап эскере жүрүшү зарыл, деген ойду дагы бир жолу ушул блогумда айтып өткүм келди.

Демек, бабабыз Махмуд Кашгари Барсканинин доорун, өмүрүн жана мурасын кылдат изилдеген чыгаан илимпоз Омелян Прицактын ысымын аздектеп эскере жүрөлү. Ала-Тообузда бул украин чыгыш таануучусунун өмүр жолун жана мурасын да калыс изилдөө заманы келди деп санайм.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG