Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванын” өрнөктүү которуу – замана талабы


Кыл калем чебери Ибрагим Бакиров Махмуд Кашгари Барсканинин өзү тарткан сүрөтү менен. Брүссел, Белгия. 2020.
Кыл калем чебери Ибрагим Бакиров Махмуд Кашгари Барсканинин өзү тарткан сүрөтү менен. Брүссел, Белгия. 2020.

Махмуд Кашгари Барсканинин 1072–1077-жылдары арапча жазылган көөнөргүс чыгармасын эне тилибизге жаңыча илимий которуу зарыл. Бул ишти “Дивандын” ар кыл чет тилдердеги котормолорун тиешелүү тилдерде салыштырып таразалай алган чыгармачыл топ гана жүзөгө ашыра алат. Тарыхчынын блогу.

“Диван” жана анын котормолору

Карахандар каганаты доорунда Теңир-Тоо койнундагы Ысык-Көл аймагында туулуп-өсүп, Борбордук Азияда мусулман окумуштуу катары жетилип, Азиядагы бир катар чөлкөмдөрдү кыдырып, түрк элдеринин жана алардын урууларынын тилдерин жана диалекттик өзгөчөлүктөрүн сыдыргыга салып изилдеген бизге маалым алгачкы түрколог – Махмуд Кашгари Барскани.

Анын 1072–1077-жылдары арапча жазылган “Дивану лугаати т-турк” – “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” (мындан ары – “Диван” деп беребиз) XX кылымдын башында, Биринчи дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан маалда Осмон султандыгынын борбору Стамбул шаарында таш басмага 3 томдук болуп жарыяланып, жалпы илимий чөйрөгө маалым болгон.

Осмон түрк тарыхчысы Али Эмири (1857-1923) тапкан көзгө басар кол жазманы («Дивандын» ас-Сави даярдаган көчүрмөсүн) Килисли Му'аллим Ахмет Риф'ат Билге (1874, Килис – 1953, Анкара) аттуу түркиялык даңазалуу айдың хижранын 1333–1335-жж. көчүргөн болчу. Бул жылдар азыркы григорийлик жылсанак боюнча 1914/1915 —1916/1917-жж. таандык.

Махмуд Кашгари Барскани 1029–1038-жылдардын аралыгында Барскоон бегинин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Хусейин Мухаммед уулу – карахандык башкаруучу сулаленин өкүлү болгондугун украин чыгыш таануучусу Омельян Прицак (1919–2006) баса белгилеген. Аалым качан жана кайсы жерде өлгөндүгү илимде белгисиз (факт жок эле жазылган азыркы жоромолдорго токтолуп отурбайлык), бирок ал 1077-жылдын айланасында өз китебин Багдаддагы Аббасийлердин халифине белек кылып тартуулоо ниетинде болгондугу өзү жазган “Диванда” айтылат.

Азыркыга чейин “Дивандын” түрк, англис, азербайжан, казак, кыргыз, орус, өзбек, уйгур жана ханзу ж.б. котормолору жарык көргөн. Бул сөздүктүн бир катар маанилүү терминдери немис, поляк ж.б. тилдерге да жарыяланган.

(Толугураак караңыз: Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги - түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак: Илимий басылыш / Илимий редакторлор профессор Т.Н.Өмүрбеков, доцент К.С.Молдокасымов. – Бишкек: “Турар” басмасы, 2017. – 376 б., сүрөт, карта. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – Б. 30–38).

“Диванды” кыргыз тилине которуу чакырыктары

Ачыгын айтуу керек, советтик Кыргызстанда кыргыз элине жазма маданиятты “Ленин гана берген” деген жарамсыз жобо ырааттуу түрдө расмий таңууланып келген.

Айтылуу битик (орхон-энесай, талас, ысык-көлдүк ж.б. руна сымал) жазма эстеликтерин, андан соң Карахандар доорундагы Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин, кийинки Ахсыкендинин мурасын, орток чагатай жазма адабиятынын бир бучкагы болгон Зиябидин Максым, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Тоголок Молдо, Эшенаалы Арабай уулу, Жусуп Мамай сыяктуу бабалар арап алфавитинде жазган кыргызча жазма эстеликтерди XX кылымдын соңуна чейин азганактай гана кыргыз илимпоздору изилдешкен.

Ушул өңүттү да эске алуу менен Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванын” кыргыз тилине илимий которуу чакырыктарынын тарыхына да учкай кайрыла кетели.

Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, маркум Т.Сыдыкбековдун (1912–1997): “Орхон, Енисей (Энесай. - Т.Ч.) эстеликтериндеги жана азыркы кыргыз жергесинен – Талас эстеликтериндеги жазууларды тил жагынан байкаштырсак: аларда сөз ыргак, айтылыш жактарынан окшош да үндөш. Ал эмес, ошол байыркы эстеликтердин жана XI кылымда Махмуд Кашкари (Кашгари. – Т.Ч.) түзгөн... «Байыркы түрк сөзүнүн жыйнагы» азыркы кыргыз тилине салыштыра келгенде алардын өзөгү эң жакын”, – деп таасын айтканын көңүлгө тутуубуз абзел. (Караңыз: Сыдыкбеков Т. Meзгил сабактары. – 36-б. – Мында анын 1968-жылдагы “Тарых жана Манас” аттуу макаласы камтылган).

Адабиятчы профессор Качкынбай Артыкбаев да 1960–80-жылдары орто кылымдардагы жазма маданият мурасы, анын ичинде Махмуд Кашгари Барсканинин эмгеги тууралуу жалпылама маалыматты Кыргызстандагы калың катмарга жайылтууга салым кошуп келди. (Караңыз: Артыкбаев К. Адабияттын алгачкы башатына көз чаптырсак... // Кыргызстан маданияты. — 1967. — 1-январь. — № 1. — Б. 15).

“Диванды” (маркум Качкынбай Артыкбаев калыс белгилегендей, башка боордош элдердин адабияттарынан аны эч качан өгөйлөтпөй туруп) кыргыз адабиятынын башаттарынын бири катары кароо менен толук бойдон кыргыз тилине которууга убакыт жетти, деп 1986–1990-жылдары биз да жазган элек.

Алгачкы котормо саамалыгы

“Дивандын” кыргыз тилине түздөн-түз арап тилинен которулушундагы алгачкы саамалыкты ушул саптардын ээси 1985–88-жылдары жүзөгө ашыргандыгын да айта кетели (негедир, XXI кылымдын башында “Диванды” кыргызчага толук которгондор бул фактты эскербей жүрүшөт).

Махмуд Кашгари Барсканинин “Диваны” биздин “Жалпы тарых” адистиги боюнча 1988-жылы 14-декабрда Ташкенде Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунда жактаган кандидаттык диссертациябыздагы өтө маанилүү арапча булактардын бири болчу.

Ташкенде жогорудагы институтта күндүзгү аспирантурада окуп жүргөн кезибизде “Ала-Тоо” журналынын баш редактору Кеңеш Жусупов агайга “Дивандын” котормосунун алгачкы өрнөктөрүн даярдаганыбызды айтып кайрылсак, ал “которгон текстиңди тез арада журналга салып жибер”, деп айтты.

Ошентип, “Дивандын” бир катар маанилүү үзүндүлөрүн даңазалуу журналдын 1988-жылдагы 4-санына илимий салыштырма ыкманы колдонуу менен жарыялаганбыз. (Бул эмгегибизде англис, түрк, өзбек ж.б. тилдердеги котормолордогу ийгиликтер жана айрым өксүктөр көрсөтүлө кетет).

Кийинчерээк бул үзүндү котормонун айрым бөлүктөрүн ыраматылык Бейше Урстанбеков (1938–1991) агай менен калемдешип чыгарган кыскача энциклопедияга тиркеме катары киргиздик. (Караңыз: Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – Б. 277–280).

“Ала-Тоо” журналындагы салыштырма илимий котормону кеңейтип, 1997-жылы чыккан Махмуд Кашгари Барсканинин “Диваны” тууралуу китебибизде жана айрым окуу китептеринде (“Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы” боюнча 7-класс үчүн окуу китебинде) тиркеме ирээтинде да жарыялап келдик.

Бир катар башка илимий жана колдонмо адабияттарда биз даярдаган котормо ургаалдуу пайдаланылды. Ушул котормо өрнөгү Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов 1990-жылдардан бери бир нече ирет жарыялап келген көп томдуу “Кыргыздар” жыйнагынын бардык чыгарылыштарына киргизилген (кийинки толукталган чыгарылыштарды ал кенже үзөңгүлөшү, жазуучу Каныбек Иманалиев менен биргелешип жарыялап келет).

Кашгари Махмуд. Түрк тилдеринин сөздүгү / Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков; баш сөздү жазган А.Акматалиев. – 2011–2012. – Том 1–3.
Кашгари Махмуд. Түрк тилдеринин сөздүгү / Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков; баш сөздү жазган А.Акматалиев. – 2011–2012. – Том 1–3.

Кыргызча атаандаш котормолор

XXI кылымдын башында кыргыз тилчи айдыңдарынын эки башка тобу Махмуд Кашгари Барскани жазган “Дивандын” толук текстин кыргыз тилине өз алдынча которду.

Анын биринчи тобундагылар (Таалайбек Токоев менен Кубатбек Кошмоков) 2011–2012-жылдары биргелешкен котормосун жарыялашты.

(Караңыз: Кашгари Махмуд. Түрк тилдеринин сөздүгү / Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков; баш сөздү жазган А.Акматалиев. – 2011. – I том. – Ал эми котормонун калган эки тому тең 2012-жылы жарык көрдү. Акыркы томдорду 2023-жылы кулжа – июнь айында гана колубузга ала алдык).

Ал эми экинчи топтогулар (Ибрайим Абдувалиев, Токтосун Ахматов, Айтмамат Оморов, Ишенбек Султаналиев, Мамыр Толубаев) кыргызча котормо вариантынын алгачкы эки томун 2013-ж. жарыкка чыгарышты.

(Караңыз: Кашкари Махмут. Дивану лугати-т түрк (Түркий тилдер сөз жыйнагы) / Которгондор: И. Абдувалиев, Т. Ахматов, А. Оморов, И. Султаналиев, М. Толубаев. – 2013. – Т. 1–2.)

Ал эми үчүнчү томду жалгыз гана Айтмамат Оморов которгон жана редактор катары текшерген. Бул акыркы томдук 2016-жылы Жалал-Абад шаарында жарык көргөн. Ибрайим Абдувалиевдин бизге берген маалыматына караганда, берки төрт үзөңгүлөштүн деле 3-томго делген атаандаш котормосу басма үчүн даяр турат.

Кашкари Махмут. Дивану лугати-т түрк (Түркий тилдер сөз жыйнагы) / Которгондор: И. Абдувалиев, Т. Ахматов, А. Оморов, И. Султаналиев, М. Толубаев. – 2013. – Т. 1–2. Которгон: А. Оморов. Т. 3. 2016.
Кашкари Махмут. Дивану лугати-т түрк (Түркий тилдер сөз жыйнагы) / Которгондор: И. Абдувалиев, Т. Ахматов, А. Оморов, И. Султаналиев, М. Толубаев. – 2013. – Т. 1–2. Которгон: А. Оморов. Т. 3. 2016.

Албетте, бул котормочулук топтор эмнеге ич ара макулдашып, бириккен жок деп жоромол кылып деле көрдүк (төмөндөгү оюбузду караңыз). Бирок алиги котормочулук топтор өздөрү калайыкка бул жаатта болочокто өз ойлорун ачыктап беришсе дурус болот ко деп ойлойбуз.

Чыгармачыл дүйнөдө башка да кыргызча илимий котормо варианттары болочокто атаандаштык иретинде жарыялана берилиши ажеп эмес.

Эң башкысы, XXI кылымдын башында аз нускада болсо да Махмуд Кашгари Барсканинин эмгеги кыргыз тилинде толук жарык көргөндүгү болду.

Бул кыргыз тилиндеги котормо варианттарды дүйнө жүзүндө аз гана окумуштуу билет, ошондуктан аларды интернетте ачык жарыялоо – мезгил талабы. (Маселен, new.bizdin.kg сыяктуу барактар аркылуу бул котормолор окурмандарга бекер сунушталса, дүйнө жүзүндөгү кыргызча билген окурмандар жана илимпоздор бул котормолордун дайынын андан ары кеңири жайылтышмак. Антпесе, айрым томдор 300 гана нускадан чыккан экен).

Академик А.Акматалиевдин 2011-жылдагы айтымында, “Дивандын” котормосунун үч варианты даярдалып жаткан болчу.

(Караңыз: Акматалиев А.А. Махмуд Кашгаринин “Түркий тилдер сөздүгү” – азыркы кыргыз тилинин жана адабиятынын булактарынын бири // Кашгари Махмуд. Түрк тилдеринин сөздүгү - Дивану Лугати 'т-түрк / Которгондор: Таалайбек Токоев, Кубатбек Кошмоков; баш сөздү жазган А.Акматалиев. Бишкек: Avrasyapress, 2011. – Т. 1. – 906 бет. – Мында: Б. 4–5.).

Кийинчерээк Бишкектеги эки топ биригип иштеп калгандай.

А.Акматалиевдин ырасташынча, Т.Токоев менен К.Кошмоков айтылуу түрк окумуштуусу Килисли Риф‘ат Биринчи дүйнөлүк согуш жылдары жарыялаган үч томдукка негизденген экен.

Бул варианттагы котормонун сол жак бетинде Килисли Риф‘ат Билгенин арап тилиндеги таш басмадагы басылмасындагы “Диван” текстинин факсимилеси кетет да, оң жагында тексттин кыргызча котормосу жайгаштырылыптыр.

Махмуд Кашгаринин "Дивану лугати т-түрк" эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.
Махмуд Кашгаринин "Дивану лугати т-түрк" эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.

Айрым чалкештиктер

Байкалган айрым каталардын бирине келсек, котормочулар Таалайбек Токоев, Кубатбек Кошмоков айтылуу оғуз этнонимин “өгүз” деп малдын атына алмаштырып коюшкандыгы да ойлондурбай койбойт (Которгондор: Таалайбек Токоев, Кубатбек Кошмоков. 2011. – Т. 1. – Б. 83.).

“Манас” дастанында жана кыргыз санжыраларында Огуз-кан, Ууз-кан сыяктуу генонимдер “ө” тыбышына өтпөстөн “о” тыбышы менен татынакай эле айтылат эмеспи.

Ал эми экинчи топтогу котормочулар бул этнонимди бурмалабастан, “огуз” деп эле беришкен экен (Которгондор: Ибрайим Абдувалиев, Токтосун Ахматов, Айтмамат Оморов, Ишенбек Султаналиев, Мамыр Толубаев. – 2016. – Т. 1. – Б. 31, ж.б.).

Балким, ушул сыяктуу кайчы пикирлер жана котормочулардын текстологиялык мазмунга карата ар кыл деңгээлдери бул атаандаш чыгармачыл топторду ич ара бириктире албаса керек.

Кийинки (И.Абдувалиев, ж.б. кирген) топтогулар “Дивандын” арапча түп нускасына эмес, анын ар кыл түрк тилдериндеги заманбап котормолоруна негизденишкендигин Ибрайим Абдувалиев агай бизге тастыктады.

Бул экинчи топ да эркин котормого жол койгон учурлар байкалды.

Маселен, Махмуд Кашгари Барскани Аббасийлердин Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади би-Амрилла деген халифине “Диванды” белек катары тартуулоо ниетинде гана болот. Ал эми кийинки котормочулар бул халифтин ысымындагы Муктади би-Амрилла деген “паспорттук ат” сыяктуу эле кабыл алынган сый ысымын түшүрүп салышкан жана “арнадым” деген сөздү колдонушкан.. (Караңыз: Которгондор: И. Абдувалиев, Т. Ахматов, А. Оморов, И. Султаналиев, М. Толубаев. – Жалал-Абад, 2016. – Т. 1. – Б. 32.)

Махмуд Кашгари Барскани бул китепти Кашкарда туруп эле халифке арнап коюшу ажеп эмес эле, бирок Махмуд Кашгари Барскани “би-расми-л-хадрати” сөз айкашы аркылуу халифтин Багдаддагы салтанаттуу кабылдамасын келип тапшыруу ниетин билдирген; бирок бул ниети аткарылганбы, же жокпу, белгисиз.

Таасын айтсак, 1072–1077-жылдары Махмуд Кашгари Барскани чыгыштагы Кашкар шаарында жана жалпы Карахандар каганатынын аймагында эмес, Багдаддагы халифти өзүнө саясий жактан баш ийдирип калган Селжук (Селчүк) султаны Малик-шахтын (бийлеген жылдары: 1072—1092) тушундагы Ортоңку Чыгышта байырлап жаткандыгы анык.

Албетте, “Диванды” кыргыз тилине толук таржымалаган котормочулардын бул эки тобуна тең көз майды алган олуттуу жумушту бир нече жылдын ичинде жүзөгө ашырган мээнети үчүн ыраазычылык билдирүүбүз шарт.

Иштебеген гана кишиде “кемчилик болбойт” эмеспи. Алардын чыгармачыл эмгегинин аркасында “Дивандын” тексти толук которулган заманбап тилдердин арасында эми кыргыз тили да орун алып калды.

Махмуд Кашгари Барскани 1072-77-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегинин көчүрмөсүнүн 1-бети.
Махмуд Кашгари Барскани 1072-77-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегинин көчүрмөсүнүн 1-бети.

Орток “жууркан” өңүтү жана котормочулук милдети

Буга чейинки кыргызча котормолордун оош-кыйыш жактарын да жалпы түркологиялык өңүттөн карап, “жуурканды жалаң гана кыргыздарга жаап албастан”, илимий калыстыктан тайбастан изилдөө өтө зарыл.

Кыргызча котормочулар кээде айрым башка котормочуларга кине кылышат, чын-чынында, ал котормочулар Махмуд Кашгари Барсканинин тиешелүү терминди арап окурманына жеткирүү үчүн шарттуу которгон текстин гана которуп берип жатышкандыгын унуткарышат.

Мисалы, “Дивандын” факсимилесин карасак (Kâşgarlı Mahmud. Dîvânü... / Tıpkıbasım. — S. 92b): “ARQAR – al-’arwiyyatu wa hiya l-’unthaa min al-wu‘uuli tuj‘alu qarnuhaa fii nuśubi l-sikkiini” деген арапча сүйлөм бар. (Салыштырыңыз: Риф‘ат, 1-том, 106-бет).

Бул арапча сүйлөмдүн орусча бир котормо вариантын салыштырып, кыргыз котормочусу А.Оморов мырза “аркар” сөзүн Зифа-Алуа Ауэзова “самка антилопы” (“жейрендин ургаачысы”) деп которуп салыптыр деп казак котормочусуна кине коёт (Караңыз: А.Оморовдун котормосу. Жалал-Абат, 2016. 3-том. – Б. 332).

Чындыгында, З-А.Ауэзова “Дивандагы” арапча сөздү гана тырмакчага алып туруп “самка горной антилопы” деп жакындатып которгон (Ауэзованын котормосу. – Алматы, 2005. – Б. 146) жана андан ары Махмуд Кашгари Барсканинин “анын мүйүзүнөн бычак сабы жасалат” (“из ее рогов делают рукоятки ножей”) деген кошумча түшүндүрмөсү тырмакчасы жок жана абдан туура которулуп берилген.

“Аркар” сөзү азыркы тапта орусча деле “архар” деп которулаарын З.-А.М.Ауэзова мыкты билет, бирок текстти арап тилинен которуудагы анын илимий милдети – арапча текстти так өзүндөй мааниде которууда болгон.

Ортоңку Чыгыштагы тоолордо эч кандай аркар болбойт, ошондуктан Махмуд Кашгари Барскани араптарга түшүнүктүү болсун үчүн арапча “’unthaa min al-wu‘uuli” деген терминди пайдаланууга аргасыз болгон. Аны түрктөр “тоо текенин ургаачысы” (dişi dağ keçisi), б.а. “тоо эчки” деп которуп келишет. Бул дагы “’unthaa min al-wu‘uuli” деген сөз айкашын жакындатып которуу далаалаты.

Демек, илимий котормону жүзөгө ашыруу үчүн азыркы кыргыз котормочулар “’unthaa min al-wu‘uuli” деген арапча сөз айкашын тырмакчага алып, “ургаачы кайберен” деп которуп, андан соң чарчы кашаага алып туруп, бул “аркар” деген термин азыркы кыргыз тилинде “аркар” деп эле сакталып жеткен, деп кошумча жазуусу ылайык деп санайбыз.

“Котуз” (“топоз” сөзүн деле Махмуд Кашгари Барскани арап окурманынан “жапайы уй” (бакару л-вахши) деп которуп түшүндүрөт (Kâşgarlı Mahmud. Dîvânü... / Tıpkıbasım. — S. 92b), анткени Жакынкы Чыгышта эч кандай топоз жок эмеспи.

Айтор, Махмуд Кашгари Барскани өз “Диванындагы” мисал кылынган сөздөрдүн айрымдарынын диалектилик өзгөчөлүктөрүн көрсөткөнүнө карабастан, жалпы сөз байлыгын түрк калктары үчүн орток деп санаган.

Жалпы түрк тилдерин ал арап тили менен теңтайлаш марага чыгып келе жаткан кош аргымактын бири катары сыпаттаган.

Биздин котормочуларыбыз да ушул орток мазмундун түбөлүктүү ролун эстен чыгарбоого тийиш.

Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде өткөрүлгөн “Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнөлүк илимге кошкон салымы” аттуу Экинчи эл аралык илимий жыйындын көрнөгү. 21-23.4.2016.
Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде өткөрүлгөн “Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнөлүк илимге кошкон салымы” аттуу Экинчи эл аралык илимий жыйындын көрнөгү. 21-23.4.2016.

Жаңы котормочулар тобу зарыл

Эгерде болочокто котормочулардын ар башка топтору өз ара баш кошуп, англис, түркиялык түрк, азербайжан, казак, орус, өзбек, уйгур жана башка чет тилдерди билген бөлөк адистерди да эч жерибестен туруп өз тобуна кошуп, жалпылама илимий котормонун үстүнөн бир кол менен иштешсе, ошондой эле, башка тилдердеги котормолордун оош-кыйыш жактарына да астейдил көңүл буруп, ас-Савинин көчүрмөсүнүн фотофаксимилесин (Түркиянын Маданият министрлиги бир нече ирет жарыялаган “Дивандын” заманбап түстүү фото факсимилесин) башкы булак катары колдонушса, анда кыргызча жаңы илимий котормо кашгари таануу жаатында дүйнөлүк жаңылык жаратмак.

Азыркы эки башка котормо тең ошол жаңы середеги котормо үчүн алгачкы камылга кызматын аткарып калышкандай туюлат.

Эмне үчүн “Дивандын” фото факсимилесин башкы булак катары карап, ага таянуу керек?

Анын себеби – Килисли Риф‘ат даярдаган жана үч том кылып жарыялаган арапча текстте да айрым мүчүлүштүктөр бар эмеспи (маселен, басмыл этнонимин Килисли Риф‘ат йасмул деп коюптур, ж.б.).

Азыркы тапта кыргыз тилинен тышкары көп тилдерди билген

адистерибиз арбыды.

Арап, англис, түрк ж.б. тилдерди билген жана “Диванды” изилдеп келе жаткан айрым котормочуларды чет өлкөлөрдөн деле онлайн шартында иштешүүгө чакырса болот.

Маселе – аларды орток чыгармачыл топко бириктирүү үчүн өкмөттүк жана жарандык демилгелерди пландап, жүзөгө ашырууда.

Мында кызганычтыкка жол коюлбашы жана жалпы илимий кызыкчылык көңүл борборунда турушу керек деп санайбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG