Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Лилия Тугушева: Чыгаан түрколог жана уйгур таануучу дүйнө салды


Лилия Юсуфжановна Тугушева. 27.10.2010.

Орусиялык чыгаан түрколог, булак таануучу Лилия Юсуфжановна Тугушева Санкт-Петербург шаарында 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин саркум тууралуу эскерет.

2020-жылдын 5-июлунда орусиялык чыгаан түрколог окумуштуу, булак таануучу, уйгур таануучу, ар дайым жүзү жылмаюудан ажарланган Лилия Юсуфжан кызы (Юсуфжановна) Тугушева Санкт-Петербургда дүйнө салганын угуп, терең кайгырып жатабыз.

Анын атын кыскартып “Лия апай” деп коёр элем. Теги татар эжекебиздин тилинде “апай” –– киши бир тууган эжесине карата жылуу сезим менен айтчу урмат-сый сөзү эмеспи.

Биз “Фейсбук” барагындагы аянтчабызда да бул кайгылуу кабар менен бөлүштүк.

Чыгаан түрколог Лилия Юсуфжановна Тугушева дүйнө салды.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Ал орто кылымдардын эрте мезгилиндеги түрк элдеринин жазма маданиятын изилдеген мыкты окумуштуу эле…

Өмүр таржымакалы тууралуу кыскача маалымат

Лилия Юсуфжан кызы Тугушева 1932-жылы 2-январда Казакстандын батышындагы Жангалы районуна караштуу “Жаңы Казан” (“Новая Казанка”) кыштагында туулган.

1953-жылы советтик Орусиядагы Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы тапта Санкт-Петербург мамлекеттик университети) түрк филологиясы кафедрасын аяктаган.

1953-жылдын сентябрынан 1957-жылдын мартына чейин СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун аспирантурасында (Маскөө шаарында) окуган. (Анын илимий жетекчиси –– атактуу чыгыш таануучу Э.В.Севортян болгон).

Ал филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын “Татар тилинин аныктоочу сөз айкаштарындагы сөз ирээти” («Порядок слов в определительных словосочетаниях в татарском языке») деген темада ийгиликтүү коргогон.

Ал 1957-жылдын март айынан 1966-жылдын мартына чейин СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун Санкт-Петербургдагы (ал кездеги Ленинграддагы) бөлүмүндө иштеп, түрк таануу илими тармагында изилдөөлөрүн уланткан.

Лилия Тугушева 1969-жылы Ленинградда жамааттык эмгек мөмөсү катары чыккан “Байыркы түрк сөздүгүн” (“Древнетюркский словарь”) даярдоого байыркы тексттерди түп нускасында изилдеген түрколог катары зор салым кошкон.

1966-жылдын март айынан тартып Л.Ю.Тугушева СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн Түркология жана монголистика бөлүмчөсүндө (секторунда) илимий кызматкер катары иштей баштайт.

Ал 1967-жылдан тартып аталган институттун кол жазмалар корунда сакталган байыркы уйгур жазма эстеликтерин булак таануучу катары түп нускасында изилдөөгө киришкен.

Бул институтта ал 1977-жылдын апрелинен тартып ага илимий кызматкер болуп ырааттуу иштеп келген.

Аталган институттун Түркология жана монголистика бөлүмчөсүндө иштеп жүрүп, Л.Тугушева “байыркы уйгур жазмалары” делген көөнө жазма эстеликтердин буга чейин илим чөйрөсүнө киргизиле элек айрым мурастары менен дүйнө коомчулугун тааныштырууга жетишкен.

Анын бул тексттердеги бай маалыматтарды (алардын ичинде ички азиялык түрктөрдүн тилиндеги укуктук жана иш кагаздары, диний мазмундагы тексттер, поэзиялык мурастын үлгүлөрү ж.б. бар) башка байыркы түрк (анын ичинде энесайлык кыргыз) руна сымал, арап жазмаларындагы эстеликтердин тексттерине салыштырган заманбап изилдөөлөрү жана тыянактары болочокку түркологдор үчүн да мыкты өрнөк жана багыт болуп саналат.

Лилия Тугушева менен күйөөсү, орусиялык чыгаан арап таануучу, чыгыш таануучу, кашгари таануучу, маркум Анас Бакиевич Халидов (25.02.1929 –– 01.12.2001) экөө тең Санкт-Петербургдагы татар жана түрк айдыңдарынын жылдыздары болгон. Алар кыргызстандык жаш чыгыш таануучуларга мээримин төгүп, ырааттуу көмөк көрсөтүп келишкен.

Кыргыз элчиси жана швед саякатчысы

Санкт-Петербургдагы (мурдагы Ленинграддагы) чыгыш таануучулардын Нева боюндагы ордосуна барганда мен мүмкүн болушунча Лия апайга жолугуп кетчүмүн. Ал өзү да жаңы китебин же макаласын камдап тураар эле.

Мурда СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмү аталган бул илимий мекеме азыркы тапта Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалары институту деп аталат жана тээ падышалык доордон бери сакталып жана байытылып келе жаткан чыгыш таануу мурастарын изилдеп, дагы эле дүйнөдөгү даңазалуу чыгыш таануу илимий борборлорунун бири бойдон өз салтын сактап келет.

Лилия Тугушева өзү иштеген Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунда. 27.10.2010.
Лилия Тугушева өзү иштеген Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунда. 27.10.2010.

Эң соңку жолу мен 2010-жылдын 27-октябрында бул куттуу илимий мекемеде болгон элем. Анда тээ 1785-жылы декабрда каныша Экатерина Экинчиге Атаке бийдин катын жеткирүү үчүн жаңыдан келген кыргыздын Орусияга жиберилген туңгуч элчиси Абдыракман Кучак уулунун данакерлик сапарынын мааракесине арналган эл аралык илимий жыйын өткөрүлгөн.

Бул илимий жыйында Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалары институтунун ага илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Лилия Тугушева да өзгөчө кызыктуу илимий баяндамасын окуп берген.

Биз тартып келген береги видео тасмадан (2:30 мүнөттөн кийи)н Лия апанын билдирүүсүнүн үзүндүсү менен тааныша аласыздар.

Лилия Тугушева баяндамасында Батыш Европадан Борбордук Азия аркылуу Ыраакы Чыгышка чейин кезген саякатчылар, асыресе швед илимпозу Свен Гединдин (1865––1952) Түштүк Кыргызстанга 1893-жылы жасаган саякаты жана анын Алай менен Памир боюнча маалыматтарынын кыргыз таануу үчүн өзгөчө баалуулугу тууралуу айрыкча чагылдырылды.

Кийинчерээк Тугушева айым менен өзүнчө маектешкенимде, Свен Гедин мырзага кыргыздар бийик тоолуу аймактардан өтүүдө өтө чоң жардам бергендиги, саякатчы Гедин өзү да көз карашы жагынан оторчул эмес, прогрессивдүү инсан болгону жөнүндө кеп куруп отурду.

Уйгур-түрк жазмасында эскерилген Ысык-Көл тууралуу учкай кеп

Лилия Тугушева апай өмүр бою талыкпастан иликтеген орто кылымдардын эрте жана өнүккөн доорундагы “уйгур жазмасы” иш жүзүндө жалпы чыгыш түрк элдерине орток тийешелүү экендигин, ошондуктан аны тарыхта “уйгур жазмасы” деп бир этнос менен чектеп атап калуу жаңылыштык болгондугун дайыма белгилей кетчү.

Ал дал ушул жазманы иликтөөгө шымалана киришкен жаш адистер дээрлик чыкпай жатканына да өкүнүчүн билдирчү.

Л.Тугушеванын эмгектерин тарыхчылар, булак таануучулар гана эмес, жалпы тилчи, ономаст, түрколог, картограф, тарыхый географ ж.б. адистер үйрөнүшү абзел.

Л.Тугушева атактуу кытай саякатчысы, ойчул, бутпарас диниятчысы, кечил Сюан Цзандын (602—664) өмүр таржымакалынын X кылымдын башында бешбалыктык Сыңку Сели-тудуң жүзөгө ашырган эски түркчө котормосун ырааттуу изилдеп, улам жаңы өңүтүн илим чөйрөсүнө киргизген.

Кытай кечилинин жана саякатчысынын өмүр баянына Сыңку Сели-тудуң тарабынан кошулган этнографиялык жана топонимиялык маалыматтардын арасында “Ысык-Көл” аталышы да эскерилээрин Лия апай мындайча которуп жазганы бар:

Исиг-Көл äркäчлäнүр оруғ.

...по пути, где плещутся [волны] Иссык-Куля.

(Мындагы текстте “Ысык-Көл өркөчтөнөр, оргуштап” делет).

Бул ыр сабындагы Ысык-Көлдүн толкундары өркөчтөнүп турганы жөнүндөгү маалымат саякатчы Сюан Цзандын өзүнүн кеңири маалыматына үндөшүп турат:

“...Тоолорду аралап кезип жүрүп, биз чоң Тунук көлгө келдик (текстте пикир кошумчаланган: аны Жэхай – Ысык-Көл деп, же Сянхай –– Туздуу көл деп да аташат)... Ал ар тараптан тоолор мене курчалган... Суунун түсү –– көгүлтүр–көк, даамы – ачуу туздуу. Андагы чоң толкундар көп сандап, бууракандап турат. Алар күч менен жылып келип, (жээкке) согулат. Анда ажыдаарлар менен балыктар аралаш жашай берет... Бул суунун дүйнөсү байлыкка мол болгонуна карабастан, эч ким балыкчылык менен алектенгенге даап бара албайт. Тунук-Көлдөн түндүк-батышка дагы 500 ли аралыкты басып өтүп, биз Суй-е (Суйаб; Суяб) шаарына жетип келдик...”

Булак: Зуев Ю.А. Китайские сведения о Суябе // Известия АН Казахской ССР. Серия истории, археологии и этнографии. № 3 (14). Алма-Ата. 1960. (http://www.vostlit.info/Texts/Dokumenty/China/VII/620-640/Sjuan_tsan/text1.htm)

Биз бул Ысык-Көл тууралуу чакан этюдду кошуу менен, маркум Л.Тугушеванын эмгектеринен башка да далай өңүттөрдү изилдөө үчүн азык ала турганыбызды гана өрнөк аркылуу баса белгилегим келди.

Уйгур-түрк жазма маданияты тууралуу

840-жылы Монголиядагы Уйгур каганаты биротоло ойрондолуп, ордуна Ички Азияда Улуу Кыргыз каганаты пайда болгон. Үч тарапка журт которо качкан уйгурлардын бир бөлүгү Турпан ойдуңуна келип, мындагы отурукташкан калайык менен жуурулушуп, ажайып өзгөчөлүктөрү бар отурукташкан маданиятты өнүктүрүшкөн. Алар калтырган жазма маданиятты илимде шарттуу түрдө “уйгур жазмасы” деп коюшат.

Бирок, жогоруда да белгиленгендей, Лилия Тугушева “уйгур жазмасы” –– кийин таңууланган илимий аталыш экендигин, аны жалпы чыгыш түрктөргө таандык жазма катары баалоо керектигин илимий жобо катары сунуштаган.

(Баса, “сабаттуу” термини X––XI кылымдардагы Турпан аймагында “бошғутлуғ” деп аталчу экен).

Алиги Сыңку Сели тудуңдун котормосунун текстинде:

“...кинки бошғутлуғ бешбалықлығ сиңку сели тутуң тавғач тилинтин түрк уйғур тилинче икилейү эвирмиш” деген сүйлөм учурайт.

Азыркы кыргызчага “...кийинки сабаттуу, бешбалыктык Сыңку Сели тудуң кытай (ханзу) тилинен түрк уйгур тилине экинчи жолу которгон”, –– деп таржымаланчу бул сүйлөмдүн түп нускадагы сөздөрүн баам сала карасак, анда “түрк уйгур тилинче” сөз айкашы көзгө даана учурайт.

Демек, бул көөнө котормо тексттин автору, айтылуу Беш-Балык шаарынан (азыркы тапта анын урандысы КЭРдин ШУАР аймагындагы Жимисар оооданында жайгашкан) чыккан Сыңку Сели тудуң жалпы эне тил катары түрк тилин санаарына, ал эми кошумчаланган уйгур тилин (диалектин) –– түрк тилдеринин бири катары аңдагандыгына дал ушул “түрк уйгур тилинче” сөз айкашы ишаара кылат.

(Караңыз: Тугушева Л.Ю. Фрагменты уйгурской версии биографии Сюань-цзана. Транскрипция, перевод, примечания и указатели Л. Ю. Тугушевой. Ответственный редактор А. Н.Кононов. — М.: «Наука», Главная редакция восточной литературы, 1980. –– 179 с. –– С. 5, прим. 8.).

Ырас эле, 1072––1077—жылдары жазылган айтылуу “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) эмгегинде түрколог-окумуштуу бабабыз Махмуд Кашгари Барскани Турпан Уйгур ыдыккуттугунда жана башка Теңир-Тоо аймактарында колдонулуп жүргөн бул жазманы “түрк жазмасы” деп гана атайт (айтмакчы, “ызыккут” –– “ыйыккут” –– бул Турпандагы манихейлик жана бутпарастык мамлекеттин өкүмдарынын титулу).

Махмуд Кашгари Барскани уйгур шаарларын өзү чийген картада мусулмандык Карахандар каганатынын чыгышындагы коңшулары катары сыпаттаган. 1072--1077-жж.
Махмуд Кашгари Барскани уйгур шаарларын өзү чийген картада мусулмандык Карахандар каганатынын чыгышындагы коңшулары катары сыпаттаган. 1072--1077-жж.

Мусулмандык Карахандар каганатында, кийинчерээк Эмир Темирдин мамлекетинде деле бул түрк жазмасын арап жазмасы менен удаа колдонгон нечендеген сабаттуу кишилер өздөрүн уйгур катары эч санашчу эмес; чынында да, башка түрк калктарынын арасында да бул чыгыш түрк жазмасын колдоно билгендер арбын болгон. Бул жазманы жалаң гана бутпарас жана манихейлерге чектеп көрсөтүү туура эмес. Анткени мусулмандык кайра жаралуу доорунун залкар өкүлү, акын Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” (1069––1070-жж.) чыгармасынын көчүрмөлөрүнүн бири дал ушул жазмада сакталып жеткен.

Жусуп Баласагындын китебинин сакталган көчүрмөлөрүнүн факсимилелери. 14.6.2015.
Жусуп Баласагындын китебинин сакталган көчүрмөлөрүнүн факсимилелери. 14.6.2015.

Ар башка тарыхый чөйрөлөрдө ойлоп табылган жазмаларды удаа колдонуу мурда да, кийин да көп кезигет эмеспи. Мисалы, азыр деле кыргыздар кирил, арап, латын жазмаларын ар башка өлкөлөрдө удаа колдонуп келишет: Кыргызстанда жана Тажикстанда кирил жазмасы, Өзбекстанда жана Түркиядагы Ван аймагындагы кыргыздарда латын жазмасы, КЭРдеги Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда, пакистандык жана ооган кыргыздарынын арасында арап жазмасы колдонулат.

Ал эми Лилия Тугушева кол жазмасын изилдеген Сыңку Сели тудуңдун өзү кытай, тохар, санскрит тилдериндеги бутпарастык адабиятты ошол элдердин жазмасында үйрөнгөнү, демек, Беш-Балык шаарынан чыккан бул илимпоз өз доорундагы полиглот болгондугу анык (ал өзүн “бошғутлуғ” –– “сабаттуу” деп гана атайт, балким, бул сөз өз доорунда “молдоке”, “профессор” сыяктуу эле кадыр-барктуу макамды көрсөткөн сөз болгондур?).

Элеси эстен кетпейт

Лилия Тугушева апай чынчылдыгы, илимдеги тайманбастыгы менен айырмаланган инсан болчу. Бир ирет ал Санкт-Петербургга келгенимде мага өзүнүн Түштүк Кореяда жарык көргөн илимий макаласын берди. Анда ал профессор Сергей Кляшторныйдын айрым илимий жоромолдорун далилдүү сынга алган экен. Ошол кезде С.Г.Кляшторный Лия апайыбыз иштеген бөлүмчөнүн башчысы болуп иштечү. Лия апайдын бул макаласы анын илимге таза мамиле жасоо керек деген өмүрлүк турумун шардана кылып турат.

Бири-бири менен учурашканда бул петербургдук эки кесиптеш өтө сылык, маданияттуу мүнөзүн көрсөтүшкөнүнө күбө болдум. Илимий турмушта Лия апайдын дал ушундай да мыкты өрнөгү калды.

Лилия Тугушева апай XXI кылымдын башына чейин улуу мурасты, улуу салтты өткөрүп берген орусиялык залкар түркологдор мектебинин (анын ичинде евразиялык түрк калктарынын арасынан суурулуп чыккан чыгаан окумуштуулар тобунун) бараандуу өкүлү эле.

Л.Ю.Тугушева кыргыз элчиси Абдыракман Кучак уулунун Орусияга сапарынын 225 жылдыгына арналган илимий жыйында. Санкт-Петербург. 27.10.2010.
Л.Ю.Тугушева кыргыз элчиси Абдыракман Кучак уулунун Орусияга сапарынын 225 жылдыгына арналган илимий жыйында. Санкт-Петербург. 27.10.2010.

Анын жалпы 7 китебинин жана көп сандаган макалаларынын ичинен пост-советтик доордогу жарык көргөн эмгектери: («Уйгурская версия биографии Сюань-цзана». –– М., 1992; «Раннесредневековый тюркский литературный язык. Словесностилистическая структура». –– СПб., 2000; «Уйгурская версия Дасакарматхаваданамала». –– Киото, 1998 (жапон илимпоздору менен калемдешип жазылган) –– апайыбыздын өмүрүндөгү эң баалуу жана жыйынтыктоочу маалыматтарды камтыган.

Лилия Тугушева апайдын эмгеги жана жаркын элеси эч качан эсибизден чыкпайт.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, урматтуу Лия апай!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG