Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Жер-суу аталыштары – бабаларыбыздын табериги


Байыркы балбалдар. Бурана шаар чалдыбары (мурдагы Баласагын шаарынын орду). 16.5.2011.
Байыркы балбалдар. Бурана шаар чалдыбары (мурдагы Баласагын шаарынын орду). 16.5.2011.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын Кара-Буура районуна берүү тууралуу чечим кызуу талкуу жаратты. Деги, тарыхый инсандын ысымын түбөлүк калтыруунун жалгыз жолу – анын ысымын топонимге айлантуубу? Жер-суу аталыштарынын өздөрү деле тарыхый мурас эмеспи. Тарыхчынын блогу.

Тарыхка кылчайсак...

Даңазалуу диктаторлор, өкүмдарлар, тоталитардык режимдердин негиздөөчүлөрү адатта өз ысымын жер-суу аталышы (топоним) катары таңуулаган учурлар тарыхта абдан көп кездешкен.

Жер-суу аталышын мындай кой, айрым өкүмдарлар өздөрүн жер бетиндеги кудайга же анын өкүлүнө да теңеткен учур болгон.

Б.з.ч. 1348—1346-жж. байыркы Египетте (Мысырда) Аменхотеп Төртүнчү деген фараон Күн төгөрөгүнүн кудайын (Атон) башкы кудай деп жарыялап, өзүнө “Атонго керектүү” (Эхнатон) деген жаңы ысым ыйгарган.

Александр Македондук (Искендер Зулкарнайн) Евразиядагы жана Түндүк Африкадагы улам жаңыдан каратылып алынган өлкөлөрдө жалпысынан 70тей шаар курдурган дешет. Алардын ичинен 18 шаарга ал өзүнүн ысымын ыйгарган. Алардын айрымдарынын чыныгы жайгашкан орундары азыркы тапта талаш-тартыштуу болсо, кээ бир шаарларынын орду аныкталган. Айрым шаарлар анын жортуулдарына чейин эле бир нече кылымдык бай тарыхка ээ болушкан (мисалы, Ооганстандагы Герат).

Жалпы-жонунан өрнөк катары айрымдарын санап атай кетели: Египет Александриясы (азыр да Каирдин жанындагы бул шаар “Александрия” аталышын сактаган; мында Жер ортолук деңизиндеги кемелерге жол көрсөткөн даңазалуу бийик чырактан башка да чөлкөмдөгү эң мыкты эл аралык китепкана да болгон), Александрополис (Сандански шаар чалдыбары, Болгариянын түштүк-батышы), Латмос Александриясы (Карпузлу шаар чалдыбары, Түркиянын Айдын дубаны), Ариана Александриясы (Гераттын айланасында, Ооганстан), Орит Александриясы (болжол менен Рамбакия кыштагы, Бела жергеси, Пакистан), Маргиана Александриясы (Мары шаарынын айланасы, Түркмөнстан), Александрия Эсхата (Коженттеги шаар чалдыбары, Түндүк Тажикстан), ж.б.

Америкалык тарыхчы Нэнси Хэтч Дюпри айым Герат сепилинин оңдолуп, кайра ачылыш аземи маалында. 16.10.2011.
Америкалык тарыхчы Нэнси Хэтч Дюпри айым Герат сепилинин оңдолуп, кайра ачылыш аземи маалында. 16.10.2011.

Даңазалуу колбашчылар (кийин өкүмдар болгондор) да өз ысымдарын шаарларга беришкен: Селевкия, Антигония, ж.б.

Рим императору Адриан болсо Адрианопол шаарын негиздеген (азыркы Эдирне шаары, Түркиянын европалык бөлүгү).

Ал эми азыркы Стамбул шаары (бир кездери Византия империясынын жана Осмон султандыгынын борбор шаары) мурда Византий деп аталган чакан грек шаары болгон.

Б.з. 306–337-жылдары Рим императору болгон жана өзү өкүм жүргүзгөн жылдары христиан динин мамлекеттик дин катары жарыялаган Константин Биринчи (Флавий Валерий Аврелий Константин; 272–337) б.з. 330-жылы Рим империясынын борборун чакан Византий шаарына көчүрүп келген (бул эски Византий шаары азыркы Стамбулдун европалык тарабындагы Фатих бөлүгүндө жайгашкан дешет).

Оболу ал аны “Жаңы Рим” шаары деп атаган, кийин бул шаарды өз урматына Константинопол деп атап алган.

Байыркы дүйнөдө жана орто кылымдарда жана кийинки замандарда жер-суу аталышын алмаштыруу – өлкөдөгү жаңы идеологиянын, жаңы диндин, жаңы этностун, жаңы кожоюндун салтанат куруп жатышын даңазалоо үчүн жасалчу.

Падышалык оторчулар Кыргызстанды каратып алгандан кийинки көптөгөн мисалдардын бирин эле алсак, Ысык-Көлдүн чыгыш жээгиндеги Каракол шаары саякатчы Николай Пржевальскийдин (1839—1888) атын алып калган.

Оторчулук доорунда түрк тилдеринен орусчага сөзмө-сөз которулуп алынган топонимдер да жайнаган (Кызыл-Жар – Краснояр, Кызыл-Суу – Красная Речка, ж.б.).

Бирок көбүнесе орусиялык императорлордун, алардын жакындарынын, православ ыйыктарынын, айрым оторчу колбашчылардын ысымдары, эл акыны Шайлообек Дүйшеев 1988-жылы таамай жазгандай, жаңы “татуировка” сымал жайнап кетишкен.

«...Кыргыз жери кыргызча эмес,

Сосновка, Покровка,

Чүйдө дагы Покровка,

Көлдө дагы Покровка,

Таласта да Покровка,

Покровка, Покровка, Покровка,

Кыргыздын жериндеги татуировка!..»

Ал эми 1920-жылдардан тартып бийликтеги болшевиктер идеологиялык себептерге таяп, Маркс, Энгельс, Ленин, Сталин, Горький ж.б.лардын ысымдарынан башка да орусиялык жүздөгөн ленинчи жана сталинчилердин ысымдарын СССРде жер-суу аттарына жайнатып коё беришкен. Бир эле Ат-Башы кыштагында №1 Ленин атындагы мектеп жана №2 Ленин атындагы мектеп болгон. Эгерде Лениндин аты өтө көп учурап кетти го дешсе, анда анын Ильич (“Ильич таңы”), Ульянов ж.б. тегаттары да колдонулган.

Кыргызстанда 1920–80-жылдары Калинин, Жданов, Свердлов, Молотов сыяктуу болшевиктерди ысымдарынан “бут коёрго жер жок” болуп чыкты.

Албетте, тигил же бул саясатчы кийинкилер тарабынан идеологиялык жактан сынга алынып калса, анда анын ысымы кайра жер-суу аталыштарынан алынып ташталган (Троцкий, Зиновьев, Каганович, Молотов, Сталиндердин ысымдары). Мисалы, 1929-жылы Троцк шаары Красногвардейск болуп өзгөртүлгөн. 1944-жылы ага Гатчина тарыхый аталышы кайтарылган (бул шаар 2023-жылдын 3-апрелинен тартып Орусиянын Ленинград облусунун борбору болуп калды).

Эдил (Волга) дарыясына куйган өзөндөрдүн бири орто кылымдарда кыпчак тилинде Сары-Суу деп аталган, андан улам орус тилинде Царица суу аталышы (гидроними) пайда болгон. XVI кылымда бул жерге негизделген орустун коргонуу жайы кийин шаарга айланып, Царицын аталып калган.

Бул шаар 1925–1961-жылдардын аралыгында Сталинград деп аталып турган. (Айтылуу Сталинград салгылашуусун кимдер гана билбейт!) Кийинчерээк, 1961-жылы, Сталиндин керт башына сыйынууга каршы күрөштүн эпкини менен шаарга Волгоград аталышы берилген. Демек, ал жердин тарыхый аталышы Сары-Суу болуп саналат. (Албетте, бул жер-суу аталышыынын этимологиясын түрк тилдерине такабоо үчүн Орусияда башка да тилдердеги болжолдуу варианттарды ойлоп табуу далаалаттары улантылууда).

Эми Кыргызстандын борбор шаарынын аталышына келсек.

Орто кылымдардын эрте мезгилинде бул жерде Жол деген шаар болгон. Кокон дооруна чейин Бишкек топоними болгон. Кокон доорунда аны чагатай арап арибинде Фишкек деп да жазышкан (ал Пишкек деп окулган). Ал эми орусиялык оторчулар метатеза ыкмасы менен аны Пишпек деп атап алышкан.

Албетте, Бишкектин советтик доордогу мурдагы аталышы “Фрунзе” (1926–1991) болгонун да жамы журт билет. Азыр да жолоочулар эл аралык “Манас” аба майданына учуп келип жатканда, учак белетинде аба майданынын шарттуу кыскартылышын FRU деген түрдө жазышканын таң кала тигиле карап келишет.

(Кайсы бир аткаминерлер мурдагы президент А.Акаевдин тушунда болжол менен 25 миң АКШ доллар акчаны төлөөгө мойну жар бербестен, FRU деп шарттуу кыскартылган сөздү алмаштырбай коюшкан экен, деп интернетте окуп калдым эле. Бул калпыстыкты оңдоо эми кыйла көп акчага турчудай, бирок керек).

Бишкек Баатырдын айкели. Бишкек шаары. 14.4.2021.
Бишкек Баатырдын айкели. Бишкек шаары. 14.4.2021.

1991-жылы февралда “Бишкек” тарыхый аталышынын кайра калыбына келтирилиши Кыргызстандагы эгемендик үчүн күрөштүн зор кадамдарынын бири болгон.

Ал эми Совет доорунда коммунист кыргыздардын сезимин “жоошутуу” үчүн СССРдеги режимдин “кара тизмесинде” жок айрым кыргыздардын ысымдарын да жер-суу аталыштарына ыйгаруу иш-чаралары жүргүзүлүп турган.

Ворошилов, Каганович, Калинин Молотов, же башка чоочун кишинин атында болгуча, Баетов, Бөкөнбаев, Токтогул, Тоголок Молдо, Чолпонбай, Шопоков, ж.у.с. кыштак же шаар аталыштары болгону жакшы эмеспи, деп жергиликтүү коммунист төбөлдөр кудуңдап келишти.

Андан соң ушул шар менен эле жумуриятта жер-жерлерде айрым колхоз башкармаларынын же орден-медал ээлеринин, кээ бир учурларда жылкы союп, той бергендердин бабаларынын ысымдарын айылдарга же көчөлөргө энчилей башташты.

Ишенбесеңиздер, Суусамырдын түндүк-батышындагы Өтмөк ашуусунан Таласты көздөй кирсеңиздер эле, “Баланча атындагы кыштак” деген көрнөктөр жолдо тизилип турат. Ал эми Таластын айрым айылдарынын эзелтеден келген жер-суу аталыштары четинен унуткарылууда.

(Албетте, калыстык үчүн кошумчалайлы. Бул өрөөндө өрнөктүү иштер да бар. Мисалы, Таластагы Ключевка кыштагы мурдагы аталышка көчүп, Боо-Терек айылы болуп калды).

Ата-бабалардан калган жер-суу аталыштары – көөнөргүс мурас

Атаганат, кыргыз эл акыны, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу Сүйүнбай Эралиев атабыздын өз ысымын Таластагы өзү туулуп-өскөн “Үч-Эмчек” айылына коюуга караманча каршы болушунун тарыхый сабак катары зор маанисин постсоветтик мээбиз анчейин кабыл албады окшойт.

Дагы бир көз көрүнөө сабак коңшу өлкөдө орун алды.

Коңшу Казакстанда мурдагы авторитардык жетекчи Нурсултан Назарбаевдин ысымы өлкөнүн борбор шаарында ал президент кезинде эле “Нур-Султан” түрүндө ыйгарылды.

Ошол кезде (2019-жылы) Казакстанда жайнап кеткен азил, тамаша, анекдоттордун бири мындайча эле (казак туугандар азилге жакын эмеспи):

* * *

– Урматтуу Мажилис депутаттары! Менде жакшы сунуш бар: Астана – Нурсултан шаары болуп калды. Аны менен чектелбейлик. Мындан ары Алматы шаарын “Нурсулты” деп атасак, Шымкентти – “Нуркент” десек, атактуу Түркстан шаарын “Нурстан”, Актау шаарын – “Нуртау” деп атайлык. Бул сунушту мен айтканымды да тарыхка жаза салсаңар!.. – деп бир депутат айтып чыккан имиш.

* * *

Анан эмне болду?.. 2022-жылы январдын башында Казакстанда элдик толкундоолор болуп өттү. Анын эпкини менен мурдагы президенттин жеке керт башын көкөлөтүүгө байланыштуу жөрөлгөлөр чет-четинен жокко чыгарыла баштады.

2022-жылы сентябрда Казакстандын борбор шаарынын аты кайрадан “Астана” деген орто жолдогу (1998-жылдын май айынан берки) тарыхый аталышына көчтү. Анын мурдагы Акмоло” аталышы да бар экендиги, 1961–1992-жылдары “Целиноград” деп аталгандыгы деле эл эсинде.

Тасма. Нур-Султан шаардык кеңешинин депутаттары борбор калаа Нур-Султандын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду. Чечимди кабыл алууда Телеграм каналдардагы сурамжылоолордун жыйынтыгы эске алынган. 16.9.2022.

Коңшу Тажикстандын авторитардык режими бир катар кыргызча жер-суу аталыштарын расмий түрдө тажик тилинде атай баштады. (Мисалы, Жерге-Тал району 2016-жылдын март айынан бери Лахш району деп аталып калды).

Буга жооп иретинде болду бекен, айтор, 2022-жылы 18-мартта Исфана шаары Раззаков шаары деп аталып калды.

Ал эми тажиктер 2006-жылы 4-июлда Ленин чокусунун өз тарабын Абу Али Ибн Сина чокусу деп атап алышты эле, кыргыз тарабы бул чокунун тарыхый “Жел-Айдар” аталышын калыбына келтирбестен, Ленин чокусу бойдон атап кала берүүдө.

(Мурдагы президент ААтамбаев аны Манас чокусу деп атоо тууралуу 2017-жылы 26-октябрда сунуштаган, бирок ал сунуш кагаз жүзүндө гана калган). Калайыктын бир бөлүгү чокунун “Жел-Айдар” аталышын калыбына келтирүүнү көксөп келет. (Бул түпкү аталыш жакында жарык көргөн “Чоң Алай” энциклопедиясында да эскерилген).

Кыргызды дүйнөгө даңазалагандар – “Манас” эпосу жана жазуучу Чыңгыз Айтматов деген ойду бардыгы тең шаттана айтып келишет.

Бирок Кыргызстандын бийликтеринин Чыңгыз Айтматовлдун ысымын Талас аймагындагы Кара-Буура районунун аталышынын ордуна берүү тууралуу чечими коомчулукта ар кыл талаш-тартыштарды пайда кылды. Бул чечимди колдоп чыккандар да бир кыйла экендиги талашсыз.

Ага караманча каршы чыккандардын бири – тарыхчы Кыяс Молдокасымов. Ал өз пикирин “Фейсбук” барагында мындайча таасын билдирди.

Андан тышкары К.Молдокасымов ал түгүл Жалал-Абат облусуна караштуу Токтогул районунун азыркы аталышынын ордуна өрөөндүн тарыхый аталышын “Кетмен-Төбө” району деп эле калыбына келтирүү керек деп сунуш кийирди.

Бир чети, Бишкектеги (шаар ичиндеги) райондордун совет доорунан калган төрт аталышын тең алмаштыруу, алардын биринин атын Ч.Айтматовдун аты менен атоо идеясы алгылыктуу сезилет.

Экинчи жагынан алганда, оторчулук доордо өзүбүз жакшы билип калган Маскөөнү эле карап көрөлүчү. Анын ичиндеги Арбат, Басманный, Бибирево, Внуково, Лефортово, Ясенево сыяктуу, Маскөө облусундагы Мытищи шаары, Бородино, Дубосеково кыштактары ж.б. илгерки аталыштары өзгөрбөстөн азыр деле сакталып келе жатпайбы.

Бишкектин таман астында калган илгерки топонимдерден Жол (орто кылымдардын эрте мезгилинде ушундай шаар болгон), Мыкан, Күнтуу, Орто-Сай, Төкөлдөш, Чоң-Арык сыяктуу аталыштарды шаардык райондордун аталышы катары сактап калууга эмне үчүн болбосун? (Мында 6 топонимди санап жибергеним – Бишкектин таманында калган жергиликтүү тарыхый топонимдер арбын деп айтуу үчүн эле жазылды).

Ал эми айрым коңшу өлкөлөрдөгү ашынган улутчул кыймылдардын топоним алмаштыруудагы ашыкча аракеттери жаатында айтсак, аларга теңелүүгө чакырбас элем.

Ала-Тоодогу айрым топонимдер индоиран тилдеринен калганы менен, алар тажиктер тарабынан эмес, өзүбүзгө да, өзбектерге да жуурулушуп кеткен орто кылымдардагы кош тилдүү согдак эли тарабынан калтырылган.

Өзгөн (Өз+кенд), Ташкен (Таш+кенд), Самаркан (Самарканд), Баткен (Бат+кенд), Чымкент сыяктуу топонимдерде дагы экинчи бөлүгү – “кенд” сөзү илгерки согдактар менен этностук-маданий карым-катнаштын тарыхый издери.

Түрк элдери илгери “шаар” маанисинде “балык” жана “ордо” сөздөрүн колдонушчу. Шаар маданияты жана соодагерчилик менен алектенген тарыхый коңшулардын изи кыргыздын бир нече уруусунун курамына кирген “сарт”, “аргын” уруктарынан деле айгинеленет. (“Манас” эпосунда деле чөлкөмдөгү элдердин достугу таасын даңазаланган).

Баса айтсак, байыркы топонимдер аркылуу да ошол илгерки көп этностуу камыр-жумур мамилелердин тарыхый издерин далилдей да алабыз, ал көөнөргүс мурас үчүн сыймыктана да алабыз.

Жалал-Абат шаарынын аталышынын бир бөлүгү арапчадан (“жалал”), экинчиси – фарсы тилинен. Боом, Дөрбөлжүн сөздөрү монгол доорунан калган. Ал доордон моңолдор уруу аталышы деле калды го. Кыргыздын издери деле Монголияда (“эски көр” – “хыргыс хүүр”, Кыргыз Көлү” – “Хяргас нуур” ж.б.) сакталып калган. (Тажикстандагы Жерге-Тал топонимин жогоруда айттык. Аны алмаштырышса деле, тарыхта кала берет).

Улуу түрк акыны Алишер Навайи (ал фарсыча да жаза билген) менен улуу тажик акыны Жами негизги чыгармаларын ар башка тилдерде жазышканына карабастан, өз ара достук мамиледе болушуп, Гераттагы бир чыгармачыл ийримге баш кошушкан.

Алымкул аталык, Алымбек датка, Полот хан (Молдо Ысак Асан уулу), Токтогул, Барпы, Абдыкадыр Орозбеков, Ыскак Раззаков, ж.б. тарыхый инсандар чагатай түркчө да, өзбекче да билишкен, айрымдары тажикче да аңдашкан.

Чагатай түрк адабиятын жакшы билген кыргыздар андан ары арап жана фарсы тилдерин мыкты билишкен. Ал түгүл “Мажму ат-таварих” эмгегин жазган Ахсыкендинин өзүн фарсыча мыкты билген ферганалык кыргыз го деп жоромолдоп келебиз.

Айтылуу баткендик тарыхчы Зиябидин Максым (Магзуми) да чагатай түрк, тажик, осмон түрк тилдерин билген айдың болгон.

Казак туугандар совет доорунда Жамбыл шаары деп аталган шаарды бекеринен Тараз деп кайра атап алышкан жок. Орто жолдо анын Олуя-Ата деген да аты бар болчу. Тараз шаары – Улуу жибек жолунун таманындагы даңазалуу тарыхый шаар.

Тараз шаар аталышынын калыбына келтирилиши акын Жамбыл Жабай уулунун мурасын кастарлап сактоого эч кедерги тийгизген жок.

Манасчы Тыныбек Жапый уулунун урпактары азыр да ички Теңир-Тоодогу Миң-Булак айылында турушат. Бул айыл Тыныбектин атын албай калгандыгы үчүн эле залкар манасчыны унутуп калган жокпуз да.

Тыныбектин айтуусундагы "Семетейдин" бөлүмүнөн үзүндү 1925-жылы Маскөөдө кыргызча (арап арибинде) жарык көргөн. Ушул эле үзүндү 1943-жылы Берлин шаарында кыргызча (латын арибинде) Сатар Алмамбетов тарабынан жарыяланган. Биз атайылап унуталы десек да, дүйнөлүк манас таануу жана түркология илими Тыныбектин мурасын эч унуткарбайт.

Берлинде 1943-жылы Сатар Алманбетов чыгарган Тыныбек Жапый уулунун “Манасы”.
Берлинде 1943-жылы Сатар Алманбетов чыгарган Тыныбек Жапый уулунун “Манасы”.

Айтматов маңкурт болбоого чакырган

Эми быйыл 95 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жаткан залкар бабабыз Чыңгыз Айтматовго келсек.

Кыргыз Республикасы, көптөгөн өлкөлөрдө байырлаган жалпы кыргыздар, мүлдө түрк элдери жана дүйнөлүк айтматов таануучулар турганда Чыңгыз бабабыздын элеси эч качан унутулбайт.

Анын кичи мекенин издеген туристтер жана башка жолоочулар бакыбат Талас облусуна, анан Кара-Буура районуна, анан Шекер айылына эч адашпастан келе алгандай шарт жараталы.

Кетмен-Төбө да тарыхый жер аталышы. Токтогул, Жоомарт, Асанкалый, Элмирбектин, ж.б. кичи мекенин издегендер Кетмен-Төбөгө келишсин (дал ушул аймактан акын Токтогул 1898-жылы кармалып, 7 жылга сүргүнгө айдалып кеткен эмеспи).

Эгерде шаар же кыштак аталбаса да, айыл аймагы менен райондун жана облустун аталыштары тарыхтын да жер-суу аталыштарындагы изин чагылдырып турганы эп.

Маселен, Чүй боорунда Ак-Бешим кыштагынын аталышы сакталса да, айыл аймагын “Суйаб” деп атоого, Бурана кыштагынын аты сакталып, бирок айыл аймагын “Баласагын” деп атоого, Кочкордогу Кум-Дөбө айылынын атын сактап, ал эми айыл аймагын кайрадан “Кочкор-Башы” деп атап коюуга эмне үчүн болбосун?

Дагы жакшы, бабабыз Махмуд Кашгари Барскани туулуп-өскөн жердин (Барскан) аталышы азыркы күнгө чейин “Барскоон” түрүндө сакталып жетти.

Менимче, маркум Чыңгыз Айтматовдун маңкурт болбоого чакырыгы өткөн доорлордогу тарыхый жер-суу аталыштарын дилгирлик менен сактап калуу жүрүмү менен тыгыз байланышта.

Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» (1072-1077) эмгегиндеги дүйнө картасынын чордондук жана чыгыш бөлүгү.
Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» (1072-1077) эмгегиндеги дүйнө картасынын чордондук жана чыгыш бөлүгү.

Соңку сөз

Падышалык жана коммунисттик оторчулук доордон мурдагы эски жер-суу аталыштарын көз карегиндей сактоо – тарыхый мурасты утурумдук кызыкчылыктардан жогору коюуну талап кылчу милдет. Албетте, баары-жоктун баарын бир күндө алмаштырып салбастан, бул жүрүм акылга салынып жүзөгө ашырылууга тийиш.

Жергиликтүү жана борбордогу демилгечилер жер-суу аталыштарын өзгөртүү маселесинде тарыхчылар, топоним таануучулар, географтар, картографтар, тилчилер, чөлкөм таануучулар ж.б. адистер жана жарандык коом менен акылдашып иш-аракет кылуусу абзел.

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG