Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 03:35

Жер-суу аталыштары: Түркмөнстандын өрнөгү ойлонтту


Керки (мурдагы Атамырат) шаарындагы XVII-XVIII кк. таандык Астана-Баба күмбөзү. 22.11.2013.

Падышалык Орусияда, СССРде жана андан кийинки эгемендик доордо Борбордук Азияда жер-суу аттары кандай гана өзгөрбөдү! Бирок авторитардык режим өкүм сүргөн Түркмөнстанда жаңы саамалык башталды...

Эл акынынын өрнөгү

Ыраматылык акын Сүйүнбай Эралиевди урпактан урпакка чейин даңазалай тургандай бир окуяны угуп, эч эстен чыгарбай жүрөм. Анын айылдаштары учурашып келишип, ал-акыбалын сураган соң, аксакалдан өз атын айылга берүүгө макулдугун берүүсүн өтүнүшкөн экен.

Кыргыз Эл баатыры, акын Сүйүнбай Эралиев.
Кыргыз Эл баатыры, акын Сүйүнбай Эралиев.

- Жок. Болбойт! Анда мени кийин Үч-Эмчек айылында туулган дебестен, Сүйүнбай Эралиев өзү Сүйүнбай Эралиев атындагы айылда туулган деп жазып каласыңарбы? – деп улуу акын жана Эл Баатыры жогорудагы сунушка өз каршылыгын билдириптир.

Кыргызстандын бир топ жерлеринде, анын ичинде ошол эле Талас өрөөнүндө, азыр бир катар кыштактарды XX кылымда жашап өткөн кишилердин ысымдары менен атап коюшту. Чынында, көзгө өөн учурайт экен.

Түркмөн өрнөгү

Мына эми авторитардык бийлик өкүм сүргөн Түркмөнстандан жакшы кабар келди.

Бул өлкөдө мурдагы Түркмөнбашынын жана анын жакындарынын урматына коюлган жер аталыштарын четинен жоюп, ордуна байыркы жана орто кылымдардагы тарыхый аталыштарды калыбына келтирип жатышыптыр.

(Кыска маалымат: пост-советтик Түркмөнстандын туңгуч мамлекет башчысынын өз аты - Сапармурат Атамырат уулу Аннанияз небереси; анын атасы менен чоң атасынын аты советтик орусча паспортто кыскартылып “Сапармурат Атаевич Ниязов” деп жазылып калган; түркмөнчө латын арибинде:Saparmyrat Ataýewiç Nyýazow. Ал 1940-жылы 19-февралда Ашгабат облусуна караштуу Кыпчак кыштагында туулган; 2006-жылы 21-декабрда Ашгабат (түркмөнчө Aşgabat) шаарында кайтыш болгон).

Маселен, маркум Түркмөнбашынын атасынын ысымын алган Атамырат этрабы (ооданы) эми мындан ары Керки этрабы болуп калды.

(Кыргыздар “оодан”, “район” деп колдонгон сөздү түркмөндөр “этрап” деп аташат. Бул – арапча “тараф” (طرف) сөзүнүн көп сандык түрүнөн (“атраф”) алынган. Кыргыз тилинде “тарап” жана “атырап” сөздөрү “оодан” маанисинен башкача, б.а. “жак” (тарап) жана “бир нерсенин жакынкы айлана-чөйрөсү” (“атырап”) маанилеринде колдонулат эмеспи).

1999-жылы Атамырат шаары деп аталып калган илгерки шаар 2017-жылдын ноябрынын соңунан тартып кайрадан “Керки” аталышына көчтү. Аму-Дарыянын сол жээгинде орун алган Керки шаары Бухара эмирлигинде Ооганстан менен соода жолунун таманында жайгашкан маанилүү соода жана коргонуу түйүнү болгон.

Кезинде Сапармурат Ниязовду “Сердар” (“Көсөм”) деп да баркташып, ал түгүл өзүнчө бир ооданды “Сердарабат этрабы” деп атап калышкан. Эми бул оодан өзүнүн тарыхый атына көчүп, Чэржев этрабы деп аталып калды.

Тарыхта Чаржоу (көөнө заманда Амул) жергеси менен байланыштуу кыйла окуялар өткөн.Бул жердеги ири шаар мурда Амул деп аталса, кийин Чаржоу деп, 1924-27-жж. Ленинск-Туркменский деп, кайра Чаржоу (түркмөнчө Чэржев - Çärjew) деп аталып келген. Ашгабаттан 470 чакырымдай түндүк-чыгышта Аму-Дарыянын сол жээгинде жайгашкан бул шаар 1999-жылдан бери Түркмөн-Абат (Türkmenabat) деп аталып келет.

Эми жок дегенде байыркы “Чаржоу” топоними жергиликтүү оодандын аталышында “Чэржев ооданы” болуп калыбына келтирилди. Бул – байыркы Амул менен Чаржоуну көрүүнү самаган туристтер үчүн эле эмес, өз тарыхын үйрөнгөн жергиликтүү муундар үчүн деле пайдалуу.

Галкыныш (Galkynyş - «Кайра жаралуу», «Калкып чыгуу») ооданы менен Галкыныш шаары дагы тарыхый Дэнев (айрым эски адабиятта – Дейнау) деген аталышына көчтү. Бул Дейнау жергесинде түркмөндөрдөн тышкары көчмөн өзбектердин миң уруусунун өкүлдөрү ж.б. калктар да байырлаган.

Азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов мурдагы Түркмөнбашыны даңазалаган жер-суу аталыштардын ордуна өз ысымын сунуштабагандыгы жакшы болду.

Гурбангулы Бердымухамедов. 28.1.2016.
Гурбангулы Бердымухамедов. 28.1.2016.

Президент Бердымухамедов Түркмөнстан көөнө замандан эл аралык Улуу жибек жолунун таманында жайгашып, андагы жер-суу аталыштары дүйнөгө илгертеден маалым болгонун эскертип:

Эгерде биз (бул эски аталыштарды) аймактын жер-суу аталыштарында сактап калчу болсок, анда бул - биздин улуттук мурасыбызды сактап, болочокку муундарга өткөрүп берүүбүз үчүн жасалган дагы бир кадам болуп калмакчы”, - деп айтканына “Бүгүнкү Түркмөнстан” басылмасы шилтеме кылган.

Бул өлкөдө мурдагы Түркмөнбашынын керт башына сыйынуу көрүнүштөрү четинен жок кылынып жатканына айрыкча токтолуп отурбайлык. Бул окуялар коңшуларга да эскертүү. Астана шаарын Назарбаев атындагы шаар деп атоо сунушун колдогон депутаттардын өздөрү же бала-чакасы депутат болуп калса, Назарбаев шаарын кайрадан "Ак-Моло же Бозок деп атайбыз!" деп чыкпайт деп ким кепил боло алат?

Саясий эрксиз иш бүтпөйт

Ошентип, демократиялык Кыргызстанга жана башка чөлкөмдөгү коңшуларына авторитардык Түркмөнстандын чоң өрнөгү жаралды. Адам укуктары жаатында эмес, албетте. Бул - тарыхый жер-суу аталыштарын калыбына келтирүү жаатында зор өрнөк болду. Албетте, Түркмөнстанда топонимдер жаатында дагы эле көптөгөн көйгөйлөр кала берүүдө, бирок бул өлкөдө көч туура багытта башталды десек жаңылышпаспыз.

Инсандын ысымын анын көзү тирүүсүндө, - айыл менен канжолду бул жакка кой, - көчөгө да бербеш керек деп эсептейм. Фейсбукта бир айым жазгандай, кишинин тарыхтагы нагыз ордун тактоо үчүн бери дегенде эки муундун өмүрү – 50 жылдай өтүшү абзел.

Албетте, көчө атына эч кимдин ысымын ыйгарбоо керек деп айтып жаткан жерибиз жок. Мыйзам аркылуу, тагыраак айтканда, туура жана таасын жазылган мыйзам аркылуу бул маселе ирээтке салынышы керек. Мыйзам шаарларды эле эмес, алыскы элеттеги айыл-кыштакты да камтышы керек.

Биздин тоо коктусундагы айылыбызда "курсагы өзгөчө ачкан" жергиликтүү кеңеш депутаттары айыл гана билген бир маркум карыянын урпактары сойгон жылкынын чүйгүн этине карк болушуп, айтор, чордондук Манас көчөсүн жакынкы жылдары эле ошол аксакалдын атына коюп салышыптыр. Азыркыга чейин уялып кетем. Совет доорундагы айыл кеңешинин депутаттары ал кезде мода болгон ысымды (Ленин) тайманбастан чанышып, айылдагы башкы көчөгө Манастын атын коюп, өз кезеңинде чындап эрдик кылышкан. Бул жагын эстегенде, алардын урпактарынын соңку кылыгын ойлоп, ого бетер башым жерге кире түшөт.

Көчөгө ат койгондо да сөзсүз эле кишинин ысымын бере бербейлик. Маселен, Бишкектеги Арча-Бешик конушунда элеттеги аталыштарды коюп алышкан (Баба-Ата, Он-Арча, Сулуу-Төр, Узун-Булак, ж.б.). Бул аталыштар көзгө жакшы көрүнөт!

(Айтмакчы, бул конушта деле “өз көчөмө аспалт төшөттүрөм” деп коңшуларын алдап, өз үйү жайгашкан көчөгө эч бир урунттуу салымы жок атасынын же чоң атасынын атын койдуруп алган шылуундар да болгон дешет).

Кыргыз шаар-кыштактарында конкреттүү киши аты эле коюла бербестен, Акын, Алма-Бак, Ашар, Дарыгер, Жаңгакты, Комуз, Мугалим, Обон, Өнөрпоз, Өрүкзар, Үмүт, Ынтымак сыяктуу көчө аталыштары жаралса кандай керемет!

Шаар ичине кирип жоюлуп кеткен мурдагы чакан кыштактардын аталыштарын борбор шаардын оодандык аталыштарына берелик (Мыкан, Төкөлдөш, Чоң-Арык, ж.б.) деген сунуштар да алгылыктуу.

Түркмөнстандын бийлигинин дагы бир өрнөгү – кетирилген катачылыктарды жоюу үчүн саясий эрктин зарылдыгы.

Чоң Алайдагы Ленин чокусунун аты эми Манас-Ата чокусу деп өзгөртүлүүдө.
Чоң Алайдагы Ленин чокусунун аты эми Манас-Ата чокусу деп өзгөртүлүүдө.

Оторчулук, совет заманында жана пост-советтик доордо киши атына коюлган жер-суу аттарын кайрадан таразалоо ашыкча болбос эле. Падышанын урматына гана коюлган Чүйдөгү Александровка кыштагынын ордунда кыргызча тарыхый аталышы азыркы эгемендик заманда калыбына келтирилбесе, качан калыбына келет?

(Өткөн кылымдагы “Кайра куруулар” доорунда акын Шайлообек агайыбыз оторчулуктан калган “татуировка” деп ушул сыяктуу топонимдерди ырга кошкону эсте).

Ленин чокусунун Кыргызстандагы бөлүгүн Манас-Ата чокусу деп атоо сунушун биз да туура көрдүк. Демек, бизде деле анча-мынча аракет кылуу үчүн эрк бар тура, деп ойлоп да калдык.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG