Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Исфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлдү


Исхак Раззаковдун айкели.
Исхак Раззаковдун айкели.

Баткен облусундагы Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 18-мартта кол койду.

Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун атын ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алган.

Раззаков шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.

Раззаковдун 110 жылдыгына арналган мамлекеттик иш-чара былтыр 25-октябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG