Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

БУУ Ооганстандагы миссиясынын мөөнөтүн узартты


БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын жергиликтүүлөргө жардам жеткирүү учуру.
БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын жергиликтүүлөргө жардам жеткирүү учуру.

БУУнун Коопсуздук кеңеши уюмдун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын мөөнөтүн келерки жылдын мартына чейин узартты. Бул боюнча резолюцияга кеңештин 12 мүчөсү колдоп добуш берди, Орусия карманды. Миссиянын мандатынын мөөнөтү бейшемби күнү бүткөн эле.

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы өздөрү түзгөн өкмөттү эл аралык коомчулук тааный электигине карабай миссиясын узартууга макул болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимин кубаттады.

БУУнун тиешелүү миссиясы гуманитардык кырдаал кескин начарлап кеткен Ооганстанга жардам берүү мидетин аткарат. Ага мындан ары гендердик теңчиликти, адам укуктарын сактоо жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, улуттар аралашкан өкмөттү түзүү боюнча идеяларды жайылтуу аракеттери да жүктөлөт.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

Андан кийин өлкөнү жутчулук каптады. БУУ 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болуп жатканын кабарлоодо. Тамак-аш жетишсиздигинен улам жарандар каза болуп, көбүнчө балдар чарчап калып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Жашоочулар тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылып келет.

Өлкөнү "Талибан" башкарганга чейин эл аралык коомчулук берип жаткан жардам Ооганстандын ички дүң өнүмүнүн 40% жана бюджетинин 80% түзүп келген.

Талибдер Кабулду басып алгандан кийин сырттан колдоо токтогон. Ооганстандын борбордук банкынын сырттагы резервдериндеги 9,5 млрд. долларлык каражатын пайдаланууга чектөө коюлган. Ал каражаттар негизинен АКШда жайгашкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG